Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эксперт: алдыдагы 5-6 жылда локалдуу чыр-чатак көбөйүшү ыктымал

© Sputnik / Елена ЯковлеваЭл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул глобалдык саясий системада болуп жаткан арбын өзгөрүүлөр кагылыштарга алып келерин, анын ичинен Борбор Азия да чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу бар аймактарга кирерин белгиледи.
Алдыдагы 5-6 жылда локалдык чыр-чатактар көбөйөт, анткени глобалдык саясий система өзгөрүүдө. Мындай пикирин Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эксперт: алдыдагы 5-6 жылда локалдуу чыр-чатак көбөйүшү ыктымал
Эксперттин айтымында, ал кагылыштар чыгышы ыктымал деген аймактардын катарында Борбор Азия дагы бар.
"Дүйнөлүк саясий система өзгөрүүгө душар болууда. Тилекке каршы, ал жеңил-желпи ишке аша турган нерсе эмес. Дүйнөлүк масштабдан алганда чакан деп эсептелген Кыргызстанда системаларды реформалоодо кандай оорчулуктарга туш болуудабыз. Андыктан глобалдык алкакта 5-6 жылда, балким андан дагы узак убакытта көптөгөн локалдуу чатактар чыгышы ыктымал. Анын ичинде дал ушул Борбор Азия дагы чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу бар аймактарга кирет. Дүйнө эки блокко бөлүнүп калганын белгилеп келебиз. Мурда бул Советтер Союзу менен АКШ болсо, учурда Кытай, Россия баштаган өнөктөштөрү, ошол эле БРИКС, ШКУ. Ал эми экинчи тарабында жамаатык же болбосо саясий Батыш. Мына ошол эки тарап чакан чатактарынын натыйжасында өздөрүнүн саясий чек арасын жана тараптарын аныктайт", — деди Чынара Эсенгул.
Ошондой эле ал дүйнөлүк державалардын террорчулук, экстремизмди өз пайдасына колдонуу кооптуулугу бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0