Казакстан кооптуу вирустан улам авиарейстерде көзөмөлдү күчөттү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАэропорттун кызматкери аялдын температурасын өлчөп жатат. Архив
Аэропорттун кызматкери аялдын температурасын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Жазылуу
Буга Египетте "денге" калтыратмасына окшош белгисиз оору аныкталганы себеп болгон.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Казакстан чет мамлекеттерге каттаган авиабортторго көзөмөлдү күчөткөнүн "Хабар 24" жазды.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Египетте "денге" калтыратмасына окшош белгисиз оору аныкталганын белгилеген. Анда бейтаптардын дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, кускусу келет.
"Эки казакстандыкта "денге" калтыратмасы аныкталды. Бирөө Астананын, экинчиси Павлодардын тургуну, экөө тең инфекцияны Таиланддан алып келген", — деп жазды телеканал.
Учурда коронавирус жайылган учурдай эле аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн дене табын өлчөп, отурган жерлерде дезинфекция жүргүзүлүүдө. "Денге" калтыратмасы чиркей аркылуу дагы жуккандыктан, дарыгерлер тропик өлкөсүнө барган эс алуучуларды жабык кийинип же денеге коргоочу каражаттарды сүйкөп алууга кеңеш берген.
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Ичеги-карын инфекциялары жайында көбөйөт. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0