Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Кристина Кормилицына / Медиабанкка өтүүУниверситетке кабыл алуу комиссиясы. Архивдик сүрөт
Университетке кабыл алуу комиссиясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Жазылуу
Алар 19-августтун аягына чейин керектүү документтерди тапшырып үлгүрүшү керек.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, сынакка этникалык кыргыздар – Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары катыша алат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле министрлик ушул жылдын 19-августу саат 23:59га чейин системада атайын бош калтырылган жерлерди толтуруу зарыл экендигин эскертти.
Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет.
Суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине да жиберсе болот.
Толугураак маалымат edu.gov.kg/announcements шилтемеде.
Каракол шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Караколдо МГУнун филиалы ачылары пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0