"Дордойдун" ичиндеги "Алкан" базары курчоого алынып, эл эвакуацияланды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Дордой" соода базары. Архивдик сүрөт
Дордой соода базары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Жазылуу
Бомба боюнча кабар милицияга 09:55 чамасында түшкөн.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын четинде жайгашкан "Дордой" соода базарынын ичиндеги "Алкан" базарына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, учурда сапёрлор жарылуучу затты издеп жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан кабарлады.
Бомба боюнча милицияга 09:55 чамасында кабарлашкан.
Окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө кызматынын тобу барып, аталган аймак курчоого алынып, андагы эл жана иштегендер эвакуацияланган.
Учурда ИИМдин кинологдору иштеп жатканы айтылды.
Сот балкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Бишкекте бомба тууралуу жалган маалымат берген адам 6 айга абакка кесилди
Жаңылыктар түрмөгү
0