Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Крымдагы полигондо өрт чыкты. Украина кылмышты өз мойнуна алды

© Sputnik / Константин МихальчевскийКрымдагы полигондо украин чалгындоосунун максаттуу аракеттеринин кесепетинен өрт чыкты.
Крымдагы полигондо украин чалгындоосунун максаттуу аракеттеринин кесепетинен өрт чыкты. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Жазылуу
Буга чейин Крымдын жетекчиси Киров районундагы аскер полигонунда жалын тутанганын билдирген.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Крымдагы полигондо украин чалгындоосунун максаттуу аракеттеринин кесепетинен өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости "Страна" Telegram-каналына таянуу менен жазды.
Маалыматта чалгындын башчысы Буданов Крымдагы ок-дары сакталган кампадан өрт чыгышы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы чалгындоо башкармалыгынын операциясынын жыйынтыгы деген билдирүү жасаганы айтылат.
Буга чейин Крымдын жетекчиси Сергей Аксенов Киров районундагы аскер полигонунда жалын тутанганын билдирген.
Өрттөн улам "Таврида" трассасы тосулуп, автоунаалар кооптуу делген Феодосия району аркылуу айланып өтүп жатат. Региондун администрациясы тегерек четиндеги төрт айылдын эки миңден ашуун жашоочусун эвакуациялоону пландоодо. Крымдан депутат болуп шайланып келген Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Шеремет кылмыш ишин козгоп, Будановго эл аралык издөө жарыялоону демилгеледи.
Ракеталар менен атуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияга каршы теракт даярдалган украиналык объектилерге сокку урулду
Жаңылыктар түрмөгү
0