Россиянын согуш кемелери Кытай менен биргелешкен машыгууга катышуу үчүн чыкты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТынч океан флотунун машыгуулары. Архив
Тынч океан флотунун машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Циндао портунан машыгуу болуучу аймакка Кытайдын согуштук төрт кемеси жана бир судно жөнөгөнү кабарланган.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Тынч океан флотунун согуш кемелери Кытай менен Россиянын биргелешкен аскер деңиз машыгууларына катышуу үчүн чыкты. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлигинен кабарлады.
"Тынч океан флотундагы Согуш кемелеринин отряды Владивостоктон "Север/Взаимодействие-2023" деп аталган Кытай-Россия биргелешкен, деңиздеги машыгууларга катышуу үчүн сууга чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен машыгууга Россия суу алдындагы кайыктарга каршы туруучу "Адмирал Трибуц", "Адмирал Пантелеев", "Гремящий" жана "Герой Российской Федерации Алдар Цыденжапов" кемелерин жибергенин билдирди. Деңиздеги отрядды Тынч океан флотунун көп түрдүү күчтөрүнүн Приморск флотунун командачысы контрадмирал Валерий Казаков жетектей турганы айтылды.
Мындан мурдараак Циндао портунан машыгуу болуучу аймакка Кытайдын элдик бошотуучуларынын аскер-деңиз күчтөрүнүн согуштук төрт кемеси жана бир судно жөнөгөнү кабарланган.
Россиянын аскер-деңиз флотунун кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Россия менен Кытай Тынч океанында биргелешкен күзөт уюштурду
Жаңылыктар түрмөгү
0