Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленскийдин офисинен Крым көпүрөсүндөгү теракт боюнча үн катты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКиевдеги Украина президентинин администрациясынын имараты
Киевдеги Украина президентинин администрациясынын имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматы Крымдагы көпүрөгө чабуул койгондугун дээрлик мойнуна алган эле.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк Крым көпүрөсүндөгү терактыга комментарий берип жатып, аны "мыйзамсыз курулуш" деп атаган болчу. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматы Telegram-каналдагы https://t.me/SBUkr/8971 билдирүүсүндө Крымдагы көпүрөгө чабуул койгондугун дээрлик мойнуна алган эле.
"Россиянын массалык өлтүрүү куралдарын жеткирүү үчүн колдонулган бардык мыйзамсыз структуралары талкалоонун себептерине карабастан кыска мөөнөттүү...", — деп жазган Подоляк Twitter баракчасына.
Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитет 17-июлда таңкы саат 3тө пилотсуз башкарылган украиналык эки техника менен кол салуу болгонун айткан. Анын кесепетинен эки адам — аялы-күйөөсү көз жумуп, кызы жарадар болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам жана башка кызматтар барган. Күч түзүмдөрү тиешелүү иштерин аткарып, тергөө башталган. Тергөө комитети "Террордук акт" беренеси боюнча иш козгогон.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Крым көпүрөсүнө чабуул Киев режими тарабынан жасалганын белгилеген. Мындай чечимди украиналык расмий жана аскердик тараптар америкалык, британиялык атайын кызматтардын, саясатчылардын катышуусу менен кабыл алганын айткан.
Крым көпүрөсү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Крым көпүрөсүнө суу астынан пилотсуз башкарылган украиналык техника кол салган
Жаңылыктар түрмөгү
0