Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Качкынбек кызы: актёрлук башкалардан көз каранды кесип

© Sputnik / Асел АкматАктёрго мугалим менен режиссёр импульс берерин Айнура Качкынбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде
Актёрго мугалим менен режиссёр импульс берерин Айнура Качкынбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Актриса, музыкант жана мугалим Айнура Качкынбек кызы өзү Москвада кыргыз студенттерине актёрлук чеберчилик боюнча сабак берерин айтты.
Актёрго мугалим менен режиссёр импульс берерин Айнура Качкынбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Качкынбек кызы: актёрлук башкалардан көз каранды кесип
Анын айтымында, актёрлук башка бирөөдөн өтө көз каранды кесип.
"Актёрдук чеберчилик сабагын алып жаткан студенттердин ийгилиги эң биринчи кезекте өзүнө байланыштуу болот. Таланты, шыгы, аракети болушу керек. Дээринде бар окуучулардан бир нерсе чыгышы мүмкүн. Тайпада 20 студент болсо, анын баары атактуу актёр болуп кетпейт. Анын ичинен экөө талантуу актёр болуп эмгектенсе, бул да чоң жетишкендик болуп саналат. Негизи байкаганым боюнча, бизден барган студенттерди Москва тарбиялайт экен. Ал жактан алар маданият менен азыктанат. Бул жерде чөйрөнүн таасири чоң. Москвалыктар өтө көп китеп окушат. Аны көргөн биздин жаштар да алардан кем калбаганга аракеттенет. Азыр жаштардын көбү Тик-Ток тартып, китеп окубай калбадыбы. Негизи актёрлук кесип башка бирөөдөн көз каранды болуп кетет. Анткени ал дайыма роль жаратууга сунуш күтөт. Роль жаратпаса актёрдун карьерасы да жыйынтыкталат. Ошондуктан актёрлордун ийгиликтүү болушу үчүн универсалдуу ыкма жок. Режиссёр менен мугалим актёрго импульс берет, калганын алып кетүү ар бир чыгармачыл инсандын өзүнөн. Бир эле роль менен жылдызы да "жылт" этип жанып кетиши мүмкүн", — деди Качкынбек кызы.
Ал мугалимдер окуучунун талантын ачканга колдон келген салымын кошуш керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0