Олуттуу мамиле кылбай жатышат. Кыргызстандагы кургак учук боюнча абал

© AP Photo / Ng Han GuanКургак учук менен ооруган бейтаптын рентгени менен дарыгер. Архив
Кургак учук менен ооруган бейтаптын рентгени менен дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Жазылуу
Профессор азыр кургак учукка каршы көрүлүп жаткан чаралар донорлор аркылуу ишке ашып жатканын, бийлик дагы буга олуттуу мамиле жасашы керектигин айтты.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мурун кургак учукка кабылгандар "жашоом ушуну менен бүттү" деп кабыл алчу, азыр кырдаал жакшырып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна өлкөнүн башкы фтизиатры Абдулаат Кадыров билдирди.
"2000-жылдары Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын саны рекорд койгон. Кургак учук дегенди укканда эле өлүмдү элестетишчү. Азыр түшүнүк мурдагыдай эмес. Дарыгерлерибиз дарылоо жолдорун жакшыртты, эң башкысы бул ооруга чалдыккандар аягына чейин дарыланышы керек", — деди Кадыров.
Бирок адис Кыргызстанда кургак учукту биротоло жок кылуу үчүн алдыда көп иш бар экенин белгиледи.
"Буга жапырт киришүү керек, жадагалса тийиштүү мыйзамдар кабыл алынышы зарыл. Мурда айтылып келгендей жаңы жабдуу сатып алуу кажет. Жакында өлкөгө жасалма интеллект башкарган санариптик рентген-аппараттар пайда болушу мүмкүн. Анан ооруган адамга карата айланадагылардын мамилеси өзгөрсө дурус болмок", — деген дарыгер.
Профессор азыр кургак учукка каршы көрүлүп жаткан чаралар донорлор аркылуу ишке ашып жатканын, бийлик дагы буга олуттуу мамиле жасашы керектигин кошумчалады.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык башкы башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги Назгүл Солтобекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Радио
Абактагы медициналык тейлөөнүн абалы кандай?
Жаңылыктар түрмөгү
0