Эмил Шүкүров — өмүр баяны

Эмил Шүкүров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Жазылуу
Эмил Шүкүров 1938-жылдын 19-январында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган.
Ал — белгилүү кыргыз окумуштуусу, тилчи, түрколог Жапар Шүкүровдун уулу. Борбор калаадагы эркек балдар мектебин бүтүргөндөн кийин КМУнун биология жана кыртыш таануу факультетине өтүп, 1960-жылы биолог-зоолог адистигин артыкчылык диплому менен бүткөн. Ошол эле жылы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасына тапшырып, окуусун 1963-жылы аяктаган.
Иш тажрыйбасы
1963-1993 — Микробиология жана гигиена институтунда илимий кызматкер;
1993-98 — КР Улуттук илимдер академиясынын Биология жана кыртыш таануу институтунда лаборатория башчысы, директордун орун басары, директор;
1998-2000 — КР УИАнын Философия жана укук институтунда кенже, ага илимий кызматкер, директордун орун басары;
2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, 2017-жылдын ноябрында өз ыктыяры менен мандатын өткөрүп берген.
Илимий эмгектери:
Экология, биология, зоогеография, зоология, география, философия, туруктуу өнүгүү, гендердик маселелер, социология боюнча 300дөн ашык эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын автору.
Кыргыз ССРинин атласын түзүүгө катышкан. Кыргызстандын зоогеографиялык картасынын автору жана башка 18 картанын редактору болгон;
Кыргызстандын Кызыл китебин түзүүгө катышып, башкы редактордун милдетин аткарган.
Коомдук-экологиялык уюмдардагы ишмердиги
2000-жылдан тарта биотүрдүүлүктү сактоо боюнча экологиялык долбоорлордо, Дүйнөлүк банктын, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык биримдиктин, Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун долбоорлорунда иштеген.
“Алейне” аттуу Кыргызстандагы биринчи экологиялык кыймылдын уюштуруучусу болгон.
ISAR борбордук экологиялык кеңешинин, Борбордук Азиядагы региондук экологиялык борбордун байкоочу кеңешинин жана башка коомдук уюмдардын ишине активдүү катышкан.
Илимий даражалары
Биология илимдеринин кандидаты (1968-ж.), география илимдеринин доктору (1992-ж.), профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, Нью-Йорк Илимдер академиясынын анык мүчөсү.
Сыйлык, наамдары
Илимпоздун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып Даңк медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын жаратылышын коргоого эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер наамдары ыйгарылган.
Кыргызстандын экология илимин өнүктүрүүгө зор салым кошкон окумуштуу, көрүнүктүү орнитолог жана коомдук ишмер Эмил Шүкүров 2019-жылы 81 жашында узакка созулган оорудан көз жумган.
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Ысмайыл Кадыров — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0