Кыргызстандагы банктардын кирешеси 1,7 эсе өстү. Беш айдын маалыматы

© AFP / ANDREAS SOLAROБанкоматтан акча алуу. Архивдик сүрөт
Банкоматтан акча алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Жазылуу
Былтыр март айынан тарта банктардын кирешеси кескин өсүп, айына 1 миллиард сомдон бир топ эле жогору каражат таба баштаганы кабарланды.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Январь-май айларында Кыргызстандагы банктар 9 миллиард 867,9 миллион сом киреше тапкан. Бул тууралуу "Апенди бизнесмен" Telegram-каналы (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Улуттук банкка шилтеме кылып кабарлады.
Былтыр ушул маалда көрсөткүч дээрлик 5,9 миллиард сом болгон эле. Өлкөдө май айынын соңунда коммерциялык 23 банк иштеп турган.
Мурдараак Кыргызстандын Банктар союзу былтыр рекорддук көлөмдө — 23,7 миллиард сомдук (2021-жылга салыштырмалуу беш эсе көп) киреше алынганын билдирген.
Улуттук банктын маалыматтары мындан айырмаланат. Тагыраагы, алардын эсебинде пайда 23,1 миллиард сомдон жогорураак болгон. Бул, кыязы, ар кыл ыкмалар менен эсептелишине байланыштуу болсо керек. Улуттук банк кирешеден алынган салыктан, потенциалдуу чыгымдардан жана аларды жабуу үчүн коюлган резервдерден кийинки маалыматты берген.
Эске салсак, 2022-жылы март айынан тарта банктардын кирешеси кескин өскөн (айына 1 миллиард сомдон бир топ эле жогору болгон). Салыштыруу үчүн алсак, 2023-жылдын январь-февралында банктар былтыркы жылдын бул айларына салыштырмалуу каражатты беш эсе көп тапкан.
Кредиттик келишимди түзүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Бишкектеги банктарда кредит кандай берилет? Шарттары
Жаңылыктар түрмөгү
0