Бишкектин четинде таксистке 14 ирет бычак урган деп өспүрүм бала кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган киши. Архивдик сүрөт
Бычак кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Шектүү Туңгуч кичи районунан такси жалдап Новопавловка айылына жеткирүүнү суранган.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Таксистке 14 жолу бычак сайган деген шек менен өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Шектүү жашы жете элек жаран болгон, бирок канча жашта экени так айтылган жок. Тергөө жүрүп жатат.
Буга чейин өспүрүм Туңгуч кичи районунан такси жалдап Новопавловка айылына жеткирүүнү суранганы кабарланган. Аны айткан дарегине алып баргандан кийин бычагын чыгарып айдоочуга кол салган. Кылмышкер унаанын ачкычын алууга аракет кылган, бирок таксист каршылык көрсөтүп моюн берген эмес. Аягында өспүрүм качып кеткен.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Чүйдө 20 жаштагы баланы ЧЧКга ыргытып салышкан. Үч шектүү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0