Онищенко Ысык-Көлгө жыл бою иштеген балдар лагерлерин ачууну сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко
Россиянын Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россиянын Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко Ысык-Көлдө балдар лагерин активдүү уюштурууну сунуштады.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видео көпүрөгө катышты.
"Ысык-Көлдө балдар ата-энелерисиз эс алган лагерлер өнүксө жакшы болмок. Башкача айтканда, жыл бою иштеген лагерлер уюштурулса дейм", — деди Онищенко.
Анын айтымында, көл ден соолукту бекемдөө үчүн алмашкыс табылга болгондуктан эски инфраструктураны жаңырта турган бизнести тартуу керек.
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Пресс-борбор
Онищенко: Ысык-Көл ден соолукту бекемдөө үчүн ыңгайлуу жер
Жаңылыктар түрмөгү
0