Бишкекте аял 2 баласы менен өлтүрүлгөн окуя боюнча биринчи сот отуруму өттү. Видео

© Sputnik / Аяна БайтемироваБишкекте мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрдү делген Чынтемир Аширалиев (кишенчен)
Бишкекте мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрдү делген Чынтемир Аширалиев (кишенчен) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Жыйында соттолуучу күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкекте мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрдү делген Чынтемир Аширалиевдин иши боюнча сот отуруму бүгүн Октябрь райондук сотунда башталды.
Эскерте кетсек, 16-февраль күнү 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектелип аялдын мурда жарандык никеде жашаган 37 жаштагы күйөөсү кармалган. Анын таржымалын материалдан окуңуз.
Жыйында прокурор шектүү издеринин баарын жок кылууга аракет кылганын айтты.
"Колдорунун манжа издерин сүрүп, кийимдерин жок кылууга аракет кылган. Машинасы менен кетип калган", — деди мамлекеттик айыптоочу.
Ал эми соттолуучу күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.
Сот отуруму 26-июлга жылдырылды. Буга маркумдун эжеси көрсөтмөнү орус тилинде толук бере албаганы себеп болду. Кийинки отурумга котормочу алынат.
Белгилей кетсек, мыйзам ылайык жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат. Сот актылары ишке катышуучу адамдарга сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилде тапшырылат. Ишке катышуучу адамдар чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун тиркөө менен берет.
Кармалган шектүүлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Сокулукта акча талап кылган кылмышкерлер ишкерди Ноокатка уурдап кетишкен
Жаңылыктар түрмөгү
0