12-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Владислав НогайСуусамыр өрөөнүндө ат минген адам. Архив
Суусамыр өрөөнүндө ат минген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
14-июлга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт. Мындай жагдайда организмди ысык өткөрүп алуудан сактанып, көлөкөдө жүрүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунушталат.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шаршембиде республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35...+40, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ош калаасында +37...+39, Чолпон-Ата шаарында +27...+29 градус болот.
Суудагы бут кийим. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Сууга чөгүп каза болгон төрт адамдын сөөгү табылды, бирөө жаш бала
Жаңылыктар түрмөгү
0