"Кыргыз жылуулук энерго" ишканасы 29 млн. сомду мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча. Иллюстративдүү сүрөт
Акча. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
Мекеменин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүндөгү бюджеттик каражаттын колдонулушуна аудит жүргүзүлгөн.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасында жана анын филиалдарында 29 миллион 69,5 миң сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Анда мекеменин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүндөгү бюджеттик каражаттын колдонулушуна аудит жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында төмөнкүдөй мыйзам бузуулар табылган:
Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды төлөөгө байланышкан бузуулар — 11 миллион сом;
Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана амортизациялоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарбоо — 10,8 миллион сом;
Мыйзам талаптарына ылайык конкурстар өткөрүлбөстөн 3 миллион сомдук сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүлгөн.
"Майлы-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында 340,9 миң сомдун дайыны чыкпай калган (учурда ордуна коюлду);
"Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалында ижара акысынан түшкөн 155 миң сом республикалык бюджетке которулбай калган;
"Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында 1,1 миллион сом натыйжасыз чыгымдалган;
"Майлы-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында 1,8 миллион зыян келтирилген.
"Чүй "кристалл" ишканасынын" филиалында баштапкы эсепке алуу документтери толук толтурулбай 203,1 миң сомго күйүүчү-майлоочу май эсептен чыгарылган;
Сом жана доллар пачкалары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Бийлик: банктар пайызсыз займдардын ордуна 20 пайыздык кредит сунуштап коюуда
Жаңылыктар түрмөгү
0