Баткенде нөөмөттө турган аскер кызматкери каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКуралы бар жоокер. Архив
Куралы бар жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
Окуянын чоо-жайы такталып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Баткендеги №35524 аскер бөлүгүнүн жоокери куралга жасаган этиятсыз мамилесинен улам каза болгонун Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматта аскер кызматкеринин суткалык нөөмөттө турганы айтылат. Ал келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.
Министрлик окуянын себеби такталып, кызматтык иликтөө дайындалганын белгиледи.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Баткенде 21 жаштагы жоокер жанындагы аскердин кокусунан чыккан огунан каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0