Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн бою суу жок болот. Карта

© Фото / Pexels/ MART PRODUCTIONСуу өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт
Суу өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Мэрия профилактикалык иштерди өз мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн бардык күч аракет жумшаларын белгиледи.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүнүн ири аймагында эки сутка бою суу жок болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Суу 11-июль күнү саат 08:00дө өчүрүлүп, кайра 13-июлда саат 08:00дө берилет. Бул убакыт аралыгында Фрунзе көчөсү — Аламүдүн дарыясы — темир жол линиясы менен Панфилов көчөсүнүн аймагында суу өчөт.
Мэрия билдиргендей, борбор калаанын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо жана системаны суук мезгилдерге даярдоо үчүн "Көк-Жар" суу кампасында профилактикалык иштер аткарылат.
"Суунун узак убакытка өчүрүлүшү иштин көптүгүнө байланыштуу болуп жатат. Мында резервуарлар дезинфекцияланып, шаардын суу түтүктөрүндө тийиштүү иштер аткарылат", — деди муниципалитеттен.
Мэрия профилактикалык иштерди өз мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн бардык күч аракет жумшаларын кошумчалады. Калаа бийлиги ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды алдын ала суу камдап алууга чакырды.
Адамдар Бишкектин Арча-Бешик конушундагы суу ташыгычтан суу алып жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу берүүнүн июлга карата графиги
Жаңылыктар түрмөгү
0