Граната, мылтыктар жана жүздөгөн ок. Бишкекте курал саткан деп майор кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРГраната, мылтыктар жана жүздөгөн ок
Граната, мылтыктар жана жүздөгөн ок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Милиционердин үйүнөн ар кандай куралдарга түшө турган 500дөй ок-дары табылган.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкекте курал жана ок-дары сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы 5-июлда шектүүнү колго түшүргөн. Майор ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыны мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание майора милиции с арсеналом оружия в Бишкеке
Задержание майора милиции с арсеналом оружия в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Кармалган кызматкердин жашаган жерин тинтүү учурунда ар кандай калибрдеги төрт мылтык, тогуз граната, 9 миллиметр калибрлүү 200 даана ПМ патрону, 5,45 калибрлүү 97 даана АК-74 патрону, 7,62 снайпердик мылтыктын 141 даана патрону жана помпонун 72 даана патрону табылган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарак жана ок-дарыны мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 267-беренеси ("Куралды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.
Атайын кызматтын машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жалал-Абадда базар ээлерин опузалаган деп кылмыштуу топтун мүчөсү Чач кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0