"Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу мөөнөтү узарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБүтүрүүчүлөр алтын сертификаттын ээлери. Архив
Бүтүрүүчүлөр алтын сертификаттын ээлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президенттик "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу убактысы узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат.
"Эл үмүтү" стипендиясы өткөн жылдын август айында түзүлгөн. Ал техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистратура жана PhD докторантурада окуй тургандарга бөлүнөт.
Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк шилтеме аркылуу кирип тааныша аласыз.
Стипендиянын шарты:
"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров өткөн жылы кол койгон. Документке ылайык, президенттик стипендия Кыргызстандын артыкчылыктуу секторлоруна суроо-талап жогору адистиктерди даярдоо үчүн берилмек. Анын негизинде таланттуу жаштар QS World University Rankings, Times Higher Education эл аралык рейтингине кирген дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле чет өлкөдө окуй турган талапкердин окуу акысы 50 миң АКШ долларынан ашпашы керек.
Стипендия алгысы келгендер эки турдан турган сынактан өтөт. Биринчисинде документтер кабыл алынып Билим берүү жана илим министрлигинде текшерилсе, экинчисинде "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссияда каралат. Ал комиссиянын курамындагы мамлекеттик органдын өкүлдөрү, көрүнүктүү коомдук ишмерлер стипендияны ыйгаруу же ыйгарбоо чечимин кабыл алат.
Студенттер лекцияда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Россия өзүнүн ЖОЖдоруна окуганга 1000 кыргызстандыкка квота берди
Жаңылыктар түрмөгү
0