Мусулман өлкөлөрү ислам символдорун мазактагандарга чара көрүүгө чакырды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСауд аравиясынын желеги. Архив
Сауд аравиясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ислам кызматташтыгы уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөр жекшемби күнү ислам символдорун мазактаган жосундарга чекит коюуга чакырышты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
"Куранды мазактап, пайгамбарды шылдыңдоо исламофобиянын биринчи учуру эмес. Мусулман өлкөлөр муну токтотуш үчүн жамааттык чечим кабыл алышы керек", — деген ИКУнун башкы катчысы Ибрахим Таха.
Сауд Арабиясынын демилгеси менен Курандын Швецияда өрттөлүшү боюнча Жидда шаарында аталган уюмдун шашылыш жыйыны өткөн.
Ал "Динге акаарат келтирген ар кандай чакырыктарга каршы эл аралык укуктун токтоосуз түрдө колдонулушу боюнча эл аралык коомчулук менен туруктуу иш алып баруу зарылдыгын" белгилеген.
Курман айтта Стокгольм шаарында Куранды өрттөп, шылдыңдоо фактысы дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө нааразы пикирлерди жаратты. Ирак сот жообу боюнча айтып, Швеция бийлигинен аталган акцияны жасаган иммигрантты кайтарып берүүнү суранды. Бир нече ирактык Багдадда аталган мамлекеттин элчилигинин жанына чогулду. Куран өрттөлгөн бул жосунду Алжир, Афганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан, Араб мамлекеттеринин лигасынын башкы катчысы Ахмед Абуль Гейт, Перси булуңундагы Араб мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин башкы катчысы Жасем аль-Будайве сындады. Иордания менен Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министрликтери Швециянын элчисин нааразылык нотасын тапшыруу үчүн чакырышкан.
Россия ТИМи бул инцидентти кылгандар жазасыз калышы алдын ала айтууга болбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин, дүйнө коомчулугу мындай кадамдарга каршы турушу керектигин билдирген.
Россия президенти Владимир Путин Дербенттеги Жума мечитке барганда РФте Куранды сыйлабагандык башка мамлекеттерге салыштырмалуу кылмыш болуп саналарын билдирди. Ал Россия Куранга карата мыйзам эрежелерин ар дайым сактап келерин белгилеген.
Кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Кадыр Маликов: Куранды өрттөө — чагымчылык, аң-сезимдүү адамдар ага алдырбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0