Сак болгула! Июль айында үч ирет магниттик бороон болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКүн ысыкта көчөдө бараткан адамдар. Архивдик сүрөт
Күн ысыкта көчөдө бараткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Адистердин айтымында, айдын башы тынч өтөт.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Июль айында бир нече жолу магниттик бороон болот. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясына шилтеме берүү менен медициналык "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Адистердин айтымында, айдын башы тынч өтүп, 8-июлда магниттик бороондун алгачкы толкуну башталат.
"Ал 12-июлга чейин басаңдайт дагы, кийин 12синен жана 24үнөн тарта эки ирет эки күнгө созулган бороон болот. Анын күчү G2 деңгээлине (орточо) жетет", — деп айтылат кабарда.
Магниттик бороон адамга эмнеси менен кооптуу?
Дарыгерлер жаратылыштын бул кубулушу болгон учурда көпчүлүк адамдардын башы ооруп алсырай турганын айтышат. Анткени кан коюуланып, басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн.
Айрым медиктер бул күндөрү өнөкөт оорусу барлар дагы кыйналарын айтып келишет.
Бишкектеги Ынтымак паркындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Акыркы 38 жылда адамдардын тукум улоо жөндөмү 58%га төмөндөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0