Гитлерчилер миңдеген бомба таштаган. Севастополь баяны видеодо

© Sputnik / Евгений ХалдейСевастопольду коргоо учурунда. Архив
Севастопольду коргоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
1942-жылдын 3-июлунда Севастополду баатырдык менен коргоо аяктаган. Бул тарыхый датаны эскерген видеону окурмандарга сунуштайбыз.
Согуш башталган 22-июнда эле саат 3төн 15 мүнөт өткөндө Севастополь абадан бомбалоого кабылган. Тогуз айдын ичинде шаарга 125 миң оор бомба ташталган. Анткен менен 250 күн-түн күчү жактан артыкчылык кылган фашисттерге катуу каршылык көрсөтүлгөн.
Шаардыктар жер алдындагы жайларга жашынган. Аны менен катар жер алдында снаряд, мина, гранаталар жасоону токтотпой, жарадарларга жардам кылууну колго алышкан.
Тарыхый маалыматтарга таянсак, 1942-жылдын майында гитлерчилер шаарга 200 миңден ашык бомба таштаган. 29-июнда гитлерчилер Сапун тоо менен Малахов коргонун басып алышкан.
...2-июлда согуштук кемелер жеке курамдын бир бөлүгүн алып, Новороссийскиге кеткен, эртеси Севастополду уюшкан түрдө коргоо соңуна чыккан. Улуу Жеңишке бир жыл калганда, 1944-жылдын 9-майында, шаар толук бошотулган.
Тема боюнча:
82 жыл мурда фашисттик Германия СССРге капыстан кол салган. Тарыхый видео
79 жыл мурда Минск бошотулган. Кайдыгер калтырбаган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0