Баланы энесинин атына каттоо боюнча Конституциялык соттун жообу

Конституциялык сот. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Активист Алтын Капалова баласын өзүнүн атына каттоону өтүнгөн. Коомдогулардын бир катарларынын пикиринде бул улуттук баалуулуктарга туура келбейт.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. 18 жашка чыккан жаран атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечет. Бул тууралуу Конституциялык соттун маалымат кызматы кабарлады.
30-июлда Конституциялык сот бул жагдай боюнча Үй-бүлө кодекси менен "Жарандык абал боюнча" мыйзамдын бир катар нормаларынын Конституцияга туура келер-келбесин карап, аны Баш мыйзамга каршы келбейт деп тааныган.
Арыз берген Алтын Капалова уулун баланын атасынын эмес, өзүнүн атына каттоону өтүнгөн.
Конституциялык сот мыйзамда жалпы жонунан балага кыргыздын каада-салты боюнча жана ошол эле маалда советтик системада ысым берип жана фамилиясын, атасынын атын ыйгаруу каралганын белгилеген.
"Дароо белгилеп кетсек, кыргыз салты боюнча ("уулу, кызы, тегин") ысым ыйгаруу тартиби өзгөрүүсүз кала берет. Ошону менен катар эле ата-энесинин, анын ичинде энесинин укугун карай келгенде балага фамилия, ысым жана атасынын атын берүү баланын укугун, анын кызыкчылыгынын каралышына жана тиешелүү социалдык чөйрөдө калыптанышында жагымдуу шарттар менен камсыздоого байланыштуу болот", — деп айтылган анда.
Конституциялык сот буга байланыштуу ата-энесине караганда баланын укугу биринчи экенин жана мамлекеттин коргоосунда тургандыгын белгилеген.
"Бала энесине катталганда салттуу коомдо ар кыл стигма жана басынтуу, шылдыңдоого кабылышы мүмкүн болгондуктан арыз берүүчүнүн өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылды", — деп жазылган маалыматта.
Аны менен катар эле түшүндүрмө берилген.
Жашы жеткенден кийин (18 жашка чыккандан соң), тагыраагы, учурдагы абалга объективдүү баа берип, мамиле жасап, жаран өзүнүн кадамына толук жооп берип калгандан кийин бала атасынын жана энесинин атына катталууну өзү чече тургандыгын белгилеген.
"Андыктан мыйзамдарда жарандардын мындай категориясына жогорудагыдай мүмкүнчүлүк берген жана теңчиликтин принциптерин бузууга, ошондой эле жынысы боюнча басмырлоого шарт жаратып бербеген укуктук нормалар камтылууга тийиш", — деп айтылган анда.
Белгилей кетсек, кечээ активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген.
Буга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов реакция кылып өзүнүн пикирин жазган.
"Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Эртең Конституциялык соттун маалыматы чыгат", — деген ал.
Учурда бул боюнча кыргыз коомчулугуна ар кыл пикирлер жаралып, түрдүү ойлор айтылууда.
Баласын карап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Мамкатчы Касмамбетов баланы энесинин атына каттоого каршы пикирин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0