4-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүКатуу жаан. Архив
Катуу жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
4-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Шейшембиде күндүз айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +23...+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +33...+35, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Көчөдө жүргөн адамдар жамгыр учурнда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Нөшөрлөп жаан жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0