Кыргызстанда автоунаа газы кымбаттайт. Себеби

© AFP / LUIS LIWANAGАвтогаз. Архивдик сүрөт
Автогаз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Газдын бул түрүнө буга чейин акциз салыгы салынбай келген.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. 1-июлдан тарта суюлтулган көмүр суутек газдын тоннасына 3000 сомдук акциздик салык салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Кеп автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газы тууралуу болуп жатат.
"Көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүр суутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов буга чейин акциз салыгы алынбай келгенин белгиледи. Анын айтымында, эми автогаздын литри 1,7-1,8 сомго кымбаттайт.
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Июлда бензиндин дагы үч сомго кымбаттаарын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0