Путин: Россияда Куранды сыйлабагандык кылмыш болуп саналат

© Sputnik / Гавриил Григоров / Медиабанкка өтүү РФ президенти Владимир Путин
 РФ президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Президент мусулмандардагы ыйык нерсе башкалар үчүн да ыйык болушу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россияда Куранды сыйлабагандык башка мамлекеттерге салыштырмалуу кылмыш болуп саналат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Президент Россия Куранга карата мыйзам эрежелерин ар дайым сактап келерин белгилеген.

"Мусулмандардын бул ыйык нерсеси башкалар үчүн да ыйык болушу керек. Башка өлкөлөр тескерисинче кыларын билип жатабыз. Адамдардын диний ишенимдерин сыйлашпайт, анан аны кылмыш деп эсептешпейт. Биздин өлкөдө бул кылмыш РФтин Конституциясында жана Кылмыш-жаза кодексинде жазылган. Бул — кылмыш, сыйлабастык, региондор жана конфессиялар аралык кастыкты козутуу. Биз мыйзам эрежелерин дайыма сактайбыз", — деген президент.

Буга чейин ЖМКлар Швецияда полиция кызматы Курман айтта Куранды өрттөө акциясына уруксат бергенин жазган. Анын жүрүшүндө 37 жаштагы эркек киши Куран китепти тытып, андан кийин өрттөп жиберген. Нааразы болгондор "Кудай улук" деп кыйкырып, таш ыргытууга аракет кылганда полиция кармап кеткен.
Швециянын борбору Стокгольмдогу мечитте эркек киши Куран китепти тытып, андан кийин өрттөп жиберди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Швеция: Куран китеп өрттөлүп, нааразылык билдиргендерди полиция кармап кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0