Львовдо дагы бир тарыхый эстеликти алышты. Видео

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүЭкскаватор. Архив
Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Львовдун Брюховичи поселогундагы "Родина-мать" эстелигин алып салышты. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы видео жарыялады.
"Бүгүн шаар тибиндеги Брюховичи поселогунда совет доорунда коюлган "Родина-мать" эстелигин алышты", — деп айтылган маалыматта.
Айкелдин шаардагы атайын музейге жайгаштырылары айтылды.
Советтик тарыхты чагылдырган тарыхый инсандардын эстеликтерин алуу, көчөлөрдүн атын өзгөртүү Украинада 2015-жылы декоммунизация жөнүндө мыйзам кабыл алынганда башталган.
Советтик учкуч Чкаловдун эстелигин Киевде алып салышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Советтик учкуч Чкаловдун эстелигин Киевде алып салышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0