Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Донбаева: Ботаникалык бак Бишкек мэриясы менен тыгыз иш алып барууда

© Sputnik / Асел АкматЭнвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева борбор калааны жашылдандырууда илимий мекеме сунуштарын берип турарын белгиледи.
Мамлекет илимди канчалык колдосо, өлкөнүн потенциалы ошончолук жогору болот. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Донбаева: Ботаникалык бак Бишкек мэриясы менен тыгыз иш алып барууда
Анын айтымында, соңку убакта Ботаникалык бак борбор калаанын муниципалитети менен тыгыз иш алып барууда.
"Соңку убакта Бишкекте сугат суу тартыш болуп, ыш каптоодо. Мындан тышкары, таштанды полигондун өртү өчүрүлүп, анын ордуна өсүмдүк өстүрүү мерчемделип жатат. Ошого байланыштуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасы ылайыктуу өсүмдүктөрдүн тизмесин сурап, бергенбиз. Ботаникалык бактын потенциалы жогору. Аны жакшыртуу боюнча бардык пландар даярдалып, документтери даярдалган. Тийиштүү каражат бөлүнүп, жетишсиз болуп жаткан кызматкерлерге штат ачылса акырындан пландарды ишке ашыра баштайбыз. Жакында эле министрлер кабинетинен бардык мекемелер илимий ачылыштарды, жетишкендиктерди пайдаланышы керектигин белгилеген документ келип түштү. Бул жакшы жышаан. Анткени мамлекет канчалык деңгээлде илимди колдосо, өлкөнүн потенциалы ошончолук жогору болот. Илимге канчалык талап күч болсо, өнүгүү дагы ошончолук ыкчам болот", — деди Донбаева.
Ошондой эле ал илимий институттар суроо-талапка жараша мекемелердин тапшырыктарын аткарууга даяр экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0