Швецияда Курман айтта мечитте Куран өрттөгөн акцияга уруксат берилди

CC BY-SA 2.0 / Guillaume Baviere/ Stockholm. På Saltsjön / Стокгольм шаары. Архивдик сүрөт
Стокгольм шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
2023-жылдын башында Стокгольмдо Куран өрттөлгөндөн кийин Түркия менен Швеция катуу араздашкан.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Швециянын полиция кызматы Курман айттын биринчи күнү Стокгольмдогу башкы мечитте Куран өрттөгөн нааразылык акциясына уруксат берди. Бул туурасында РИА Новости "Франс Пресс" агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
"Швеция полициясы шаршемби күнү мусулмандардын үч күндүк Курман айт майрамынын башталышында Стокгольмдун башкы мечитинин жанында Куранды өрттөөнү пландап жаткан уюштуруучуга уруксат бергенин билдирди", — деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Апрелде Стокгольмдун административдик соту полициянын Швециянын борборунда Ирак менен Түркия элчиликтеринин жанында Куран өрттөлүүчү акцияларды өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартканын негизсиз деп тапкан. Кийинчерээк полиция бул чечим боюнча Апелляциялык сотко кайрылган.
Мурдараак "Франс Пресс" соттук инстанцияга шилтеме кылып, Швециянын Аппеляциялык соту Стокгольм полициясынын Куранды өрттөө акциясына тыюу салганга жеткиликтүү негизи жок болгон деген чечим чыгарганын кабарлаган.
2023-жылдын башында Стокгольмдо Куран өрттөлгөндөн кийин Түркия менен Швеция катуу араздашкан. Стокгольмдо (Швеция) 21-январда ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖКМлар ал муну кылуу үчүн Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан. Палудан "Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү" каалаганын айткан. Ал Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын сөзүн сындап, Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн көрсөткөн. Мындан кийин Түркия лидери Стокгольм эми НАТОго кирүүдө Анкаранын колдоосун күтпөй эле коюшун жар салган.
Кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Кадыр Маликов: Куранды өрттөө — чагымчылык, аң-сезимдүү адамдар ага алдырбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0