Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Курман айтты азага айландырбаш керек. Муфтият катачылыктар тууралуу

© Sputnik / Асел АкматМуфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев
Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев Курман айт майрамында көпчүлүк кетирген каталарды атады.
Орозо айтты да, Курман айтты да трагедияга айландырып салбаш керек. Мындай пикирин Абибилла Кадырбердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Курман айтты азага айландырбаш керек. Муфтият катачылыктар тууралуу
Анын айтымында, Курман айт күнү жаңы кайтыш болгон жакынынын үйүнө барып, аза күтүп алуу туура эмес.
"Курман айт майрамын аза күнүнө айландырып, трагедия кылып салбаш керек. Бул күндү, тескерисинче, майрамдык маанайда өткөргөн оң. Айт күнү каза болгон жакынынын үйүнө барып, томсоруп отуруп алган туура эмес. Курман айтты шаттык менен өткөргүлө. Биз болсо көпчүлүгүбүз жасагыла деген нерсенин тескерисин кылып жатабыз. Курман айтта намазга чыкканга бардык мусулмандар аракет кылышы керек. Аянтка чыгып, намаз окуу өзүнчө бир бакыт. Ошондой эле курмандык чалуу кимге милдеттүү экенин да билип алуу зарыл. Анткени бул нерсе милдеттендирилген болсо да эске албай жүргөндөр бар", — деди муфтийдин орун басары.
Ал эгер бир үйдө өз алдынча болуп калган эки бир тууган чогуу жашаса Курман айтта эки жандык курмандыкка чалынышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0