Коңурбайдын жылкынын артынан келип уруш салышы. Улуу баяндан 8 факт

© Фото / Теодор Герцен"Манас" эпосунан Теодор Герцендин иллюстрациясы
Манас эпосунан Теодор Герцендин иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
Окуя Алмамбеттин жол чалган учурунда болот.
Коңурбайдын куугунга камынышы. Жылкыны алдырганын билген Эр Коңур көк жолборстой чамынды, очогор мылтык асынды, октой болгон Алгара атын ойку-кайкы бастырды. Мунарасын кент дейт экен, ошонун башында тогуз миң кулач бийикте коңгуроосу бар экен, ошону бир урса тогуз күндүк жолго угулат. Ошол мунарага панар жагылды, коңгуроо бекем кагылды, уюп жаткан калың кол ат-атына жабылды. Жүз миңи жүзгө толду, Эр Коңурбай токсон миңи менен эртелеп жүрмөк болду. Жылкы айдагандардын артынан баруу үчүн алдары арбын күчтүүсүн алды, найзасы албарс учтуусун алды, кылычы кыйла курчтуусун алды, калканы болот дөөлөрүн алды, ат көтөргүс жөөлөрүн алды.
Манастын кабатырланып Чубакты жибериши. Базаң-Тоонун оюнда, Маралдуу-Суунун боюнда баатыр Манас, эр Чубак калбады беле Алмамбет менен Сыргакты жөнөтүп коюп. Алардын кеткенине эки күн, эки түн болду. Манас туруп эле Чубакка кайрылып, "Асты жакта тунарык, а береги көрүнгөн – айгыр жал жончо мунарык, ошого дейре барчы, жолуна көзүң салчы", "Жоо көрсөң кайра келерсиң, жообуңду мага берерсиң, бары-жогун билерсиң, көрүнсө-көрүнбөсө да кайра тартып келе көр, кабарды мага бере көр" дейт да, өзүнүн нечен күнү уктабай кирпиги жаман катканын, чыканак жерге бир азга сала турганын, чырм этип уйку ала турганын айтат. Эр Чубак кеткенде Манас элик сындуу Айбанбоз атынын башын тартып имерип, кырчынын кыйрай жазданып жата кетти. Анан бу дүйнө менен иши жок, Чубагын да унутуп алп уйкуга алдырды.
Алмамбеттин амал ойлоп табышы. Топчулугу бир тогуз, тоодой болгон чоң доңуз, үпчүлүгү бир тогуз, үксөңдөгөн чоң доңуз, тоодой боюн топчулап, тула боюн үпчүлөп, Алгара атын аргытып Коңурбай көзүн өгөгөн темирдей, мурдун тоонун сеңирдей кылып, кайратына карк толуп, качырган жолборс баштанып, алдын, артын карабай, намыс кылып келе жатты. "Бу жылкыны айдап кеткен кызыталак буруттун сазайын сайып берейин, сакал менен мурутун санап туруп терейин, талпагын ташка керейин, санды түмөн кол келсе, сапырып кырып жөнөйүн" деп кыйкырып алган. Артынан кытайдын журту кылкылдап, жер союлуп былкылдап айкырып келет. Буларды көрүп Алмамбет жанындагы Сыргакка айтат: "Сен кете бер, мен жалгыз калайын, анан сен Баянды-Суу, Жал-Камыш деген жерге барып тур, мен Коңурбайды артымдан ээрчитип барып, калдаңдап, эки этегим далдаңдап качып калам, ал болсо Алмамбет менден качты деп, акылы чындап шашты деп, мени мактанып кууп калганда как тушуңа келгенде, өзүңдөн өтө бергенде капталынан жете көр, калабалуу капырды ыргыта сайып өтө көр", — дейт. Коңурбайы жыгылса, кытайлар көп да болсо жазганар, найза саяр аз калар деп айтат. Алмамбет артта калып, эр Сыргак Жал-Камыштын жээгинде найзасын кармап тыгыздап, карап турат ыкыстап.
Эр Коңурдун намысы. Коңурбай Алгара минип алкылдап, багалчагы балкылдап, ак отого, көк диңсеси дал ортодо жаркылдап, тоту куштун куйругу аркасын жаап жалпылдап бир алаамат болуп келет. Артынан эле Кырмус каны Мурадыл, анын артынан кызыл желек, сыр найза, тоо көчкөндөй бир сайса, белинде күрсү казандай, бет алган жоодон жазганбай, ачыгып калган арстандай Нескара, булардын артынан Чабдар атын чуратып, чаңды артынан буратып калмактын Ушаң баатыры келет. Буларды ээрчип күлдү аскер жүрөт күлдүрөп, жашылдуу күндөй күркүрөп. Ушунча жоодон бир коркуп койбой маралдай төшү салынган, куюшкандык узарган, кулжадай көзү кызарган, төрт аягын тик салган, төөдөй болгон Сарала ат минип эр Алмамбет эр Коңурбай калчанын жолун карап чакчайып келет. Күркүрөгөн Коң төрөнү калмактын Ушаң баатыры бир кез жандап алды, Аяттын кара суусунда жекен, камыш бар эле, ичинен кирип Алмамбет туруп албасын, Төрө алактап кирип барганда аңтара коюп салбасын деп. Ушаң Коңурбайга "Астараак жүргүн акыр" десе, ачуусу келип Коңурбай: "Кыргыз уулу жылкы алса, кубаныч кылып күлүпсүң, капкадан өтүп мал алган кандай кордук дебейсиң, Алмамбет тосот дегенче, кайратты мага бербейсиң, төрдөн барып жылкы алган төгүн кордук дебегин, кара жан камын жебегин, өлгөнүм артык бу көрө, өмүлүп келе жатпайбы, өңкөй кытай көй төрө, өлсөм акыр өлөрмүн, артыма калсын өнөрүм, өлбөй тирүү бар болсом, Алмамбет түгүл ар жагы, Манасы кошо турса да, башын кесип жөнөрмүн" деп кыйкырынат, кара атка камчы салат, кайраттанып алат.
Алмамбеттин эрдиги. Коңурбайдын жараланышы. Камыштуу сууну бет алып келгенде сыр найзаны зыңкыйтып, Сарала атты кындыйтып, кыйкырыгы баш жарып, кыраан Алмаң качырды. Ошондо кыйынсынган эр Коңур кара аттын башын бура албай, кайрат кылып тура албай, Алмамбетти каратып качырып найза суна албай, же токтолуп тура албай, этине найза сайылып, каны агып жайылып, атына камчы салыптыр, Алап деген калааны көздөй бет алып, ант ургур качып калыптыр. Кара аты күлүк болбосо Коңурдун башы ушул жерге ыргымак эле. Ал аңгыча кыйкырыгы баш жарып кызыл жейрен ат минген Кырмус шаанын Мурадыл алдынан чыкты. Ал сыр доолду карс коюп, сыр бараңды тарс коюп, Алмамбетке бет алып, арстандай көзү кызарып, найзасы колдо узарып бет маңдай турду. Бул илгертеден булкушкан жоосу эле. Алмамбет аргасыз Коңурбайды куубай токтоду. Мурадыл найза кезеди, анын найзасын кагып ийип төшкө сайды эле Мурадыл калды жыгылып, чаңга башы тыгылып, аты кетти чылбырын колдон чыгарып. Шо кезде буларга сырты кара, боору көк Бороончу деген зору үнүн күндөй күркүрөтүп, көргөндүн боюн дүркүрөтүп, оозунан түтүнүн буркуратып, көздөн жалын шыркыратып жете келди. Коңурбай эти ачынып, акылынан танып, бир жардам болбоду деп калың колуна наалып, кансырап баратканда калмактардын Ушаңы жолунан чыкты: "Өтпөгүн дедим мен деди, өлөт белең сен деди, кой дегемин мен деди, коркот белең сен деди, Алмамбетти эми эч ким кармай албайт, өзүң аны кармай бер" деп какшык ыргытты. Коңурбайга дарыгерлер келишти, жарага дары жабышты, ошондо кайраты бойго чачылып, кайра баштан Коң төрө ооруган жери басылып, кара атка минди асылып.
Үйүр жылкы айдап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Алмамбет баатырдын арманы. Тарттырган жылкыларды табышы. Улуу баяндан 6 факт
Кытайдын калың колу менен үч баатырдын урушу. Ушаң менен Бороончу бакырыгы баш жарып, айгай үнү таш жарып Алмамбетке ат коюшту. Дөөдөй болгон немелерге жалгыз өзү чыга албай, Аяттын Кара-Суусуна чегинди. Ал жерде Акбалтанын Чубагы алда кандай болот деп аңдып турган. Чубак баатыр качырып келип Ушаңга капталдан найза урганда калдайган бойдон Ушаң дөө камгактай учуп кетти. Эми Ушаңды сайган Чубакка Бороончу дөө найза салды эле, Көктекени түйүлтүп, куйругун жерге шүйүлтүп, Чубак кача берди. Арадан каңгайлардан Нескара "кулду соё көргүн" деп айгай салат. Как тушунан айкырып, каарданып бакырып, айбатын салып Алмамбет Чубакты сайган Бороонго найзанын учун батырды эле үзөңгүдөн бут тайып, ээрден көчүгү кылтайып баратып, Чубакка сайып аткан найзасына ээ боло албай тартып алды. Алмамбет, Чубак жылкыларды айдап жөнөй берди, аркасынан кыжылдап кытайдын журту өмөлдү. Буларды көрүп буктурмада жаткан эр Сыргак астындагы Көкказык атка камчы салып, найзасын колго алды. Ошол кезде Кергүлтүк деген аты бар Токшукердин Бозкертик келип калбайбы. Анын койнунда бат атары бар экен. Жетип эле алсыраган Алмамбеттин жонуна найза салбаспы, Сарынжынын өңүрүндө баатырдын каны Сарала аттын омуроосуна жайыла берди. Алмамбеттин көзүнөн кара өтүп турганда Султан Сыргак баатыры Боз-Учуктан тосуптур, Алмамбеттин астына качып Чубак озуптур. Чубактын аты Көктеке бычылбаган мал экен, он эки чапса бир баспас жеткен кашаң жан экен. Оңой менен козголбогон Көктекеси жаадай учуп кызыптыр, кара тер басып камыгып, кара бою ымыгып, сөөгүнөн суу чыгып, этине келген союлгур эми арыштап алыптыр. Бу Чубак жоого алдырбас неме экен, минген аты тулпардыгы чын экен. Эр Алмамбет баатырга найза сайган Бозкертикти таамайлап, Кыраан Сыргак бакырып, кыйгактуу найза жапырып, кырдан чыкты айкырып. Анын караанын көрүп Бозкертик, Калдаңкер атып секиртип кача берди. Качканы менен куткарбай, Сыргак жетип жыгыптыр Бозкертикти өкүртүп. Бозкертик калды жыгылып, тоодой болгон бадырек топого башы тыгылып. Койчагыр мылтык чаңырды, Сырттан Сыргак баатырдын ач кыйкырык жаңырды, Сырбараң мылтык октолду, Боз сеңирдин учунда алдыңкы куугун токтолду.
Аты да Манас, заты да Манас. Ызы-чууга аралаш Акбалтанын Чубагы баатыр Манас жаткан жерге чаап барып, "Баатыр, өйдө тургун, куугундар келип калды" деп кыйкырды. Ой, кудай, ай! Козголуучу Манас жок, коңуругу баш жарып, чоюлуп уктап жатыптыр. А десе да ойгонбойт, бу десе да ойгонбойт, аттар келет дүпүрөп. Ачуусу менен эр Чубак кулагына келтирип, куру доол какты эле, бир былк этпейт анысы. Анан Чубак көтөрүп алып төрөсүн өз боюна тең кылып коё берсе далк этип, өлүп калган кишидей, жатты кулап, шалк этип бу Манасы. Бул эми кызыталак кытайдын колуна түшүп өлгөнчө, кордукту андан көргөнчө деп атына мине калды, найзасын алды, баатырдын этегин ача салды, качырып келип как сооруга малды. Эмне болуп кетти деп чиркей чаккан немедей, ошондо да кебелбей, Баатыр Чубак неттиң деп, эмне болуп кеттиң деп, найзаң тийип мага деп, жин тийдиби сага деп, кулжуңдаган чунак деп, кутурдуңбу Чубак деп бир кебелбейт. Ашыккан Чубак энтигип наалат күн, төрөм деп айтат, оңолбогон кулдарың, орчун кол алыс жатканда, ойлонбостон буларың оодарып жылкы алыптыр, калбаны кыйла салыптыр, карсылдашып капырлар бул жерге келип калыптыр. Ушундай болуп атса сен жатасың ойгонбой, ошону үчүн сайдым дейт. Согушарың Чоң Коңурбай эр болсо, уктай турган шу жерби, эчтеме албай оюңа, Таласыңдын боюнда, Каныкейдин койнунда, колуңду артып мойнуна, бейкут жаткан эмедей, не жатасың кебелбей, уктай турган жер эмес, ушул уйкуң эп эмес деп жемелеп кирет баатырды. Анда Манас кеп айтат. Ашыкпа, Чубак деп айтат, апкаарыба акыры, атасынын көрү капырды, урунбай жүргөн тоо барбы, урушпай жүргөн жоо барбы. Ушинтип кенебейт да, кебелбейт. Ошондо күйүп-бышкан Чубак оо мунун аты да Манас турбайбы, заты да Манас турбайбы, өзү да Манас турбайбы, сөзү да Манас турбайбы деп шерденип, "Манас болсо жолборсум, Алмамбет болсо жолдошум, корксом кудай урбайбы" деп кубат-күч алат.
Манастын урушка кириши. Чубак баатыр Манастын алдына Айбанбоз атын тартат. Манастын соорусунан кан чыгып, далысынан жал чыгып, айбатынан жан чыгып, күнгүрөнүп унчугуп, бар жарагын байланып, жоо-жарагын шайланып, каар жүзүнө айланып, Аккүбөнү жамынып, атышаар жоого камынып, арстандай чамынып, накери бутта чойкоюп, Айбанбоз минип болкоюп, сыр найза колдо койкоюп, Аккелте жондо жаркылдап, найзасы колдо калкылдап, ак асаба, сур желек шамал тийсе жалпылдап урушка камдуу кирди. Алмамбет менен Сыргакты кууп алып кужулдап, кытай келип калса да, бу Манас кыжылдаган кытайды пенде экен деп бийлебейт, кебелбейт да, кенебейт. Анда Чубак айтып атпайбы "Кызыталак канкордун, кылымды баскан анткордун эр экени чын экен, элден ашык тың экен". Алдына келген кытайга Манас Аккелте менен күр койду, аламан келген көп аскер кайра тартып дыр койду, мылтыктын үнү басылбай, мөндүрдөй түштү аткан ок. Ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу, көк асаба, кызыл туу, көк жаңырган улуу чуу, очогор аткан он жүз миң, жазайыл аткан сандан көп, замбирек аткан андан көп, жаалары өгүз белиндей, аттары сырттын желиндей, алпын көрсөң андан көп, баатырлары сандан көп, баарысынын баатыры эр Коңурбай зардал бар. Түпөктүү найза калкылдап, дүнүйө жүзү былкылдап, аскерге толуп алыптыр, бирин миң деп санаса, токсон миң толуп калыптыр. Ошолордун алдынан үч баатыр тосуп туруптур, алдына келген аскерден алты миңи өлүптүр. Бир убакта туурасы жоон, бою бас, дулдугуй беттүү өңү саз, Кедердин уулу чоң Жолой жаңыдан келип, алышар душман издеп жүрөт аңтарып. Кайыптан бүткөн Карткүрөң жылкыны баштап алыптыр, аларга төрт баатыр айгай салып сүрөшөт. Жылкыны көрүп Жолой "мал минбеген кытайлар буларды үркүткөн экен, алдынан тосуп, кайра артка айдайын" деп жылкыга барганда, Алмамбет эр Сыргакка "Атка өбөктөп ала көр, айдаган жылкы чаңына көрүнбөй кирип кала көр, көт жактан Жолой келатыр, жолу каткан доңузду көмө коюп сала көр" деп үйрөтөт. Жолой келет Ачбууданын алкынтып, аскерин курттай ээрчитип. Бир убакта Жолой кан Нойгуттун Чубагынын тушуна келип калбайбы. Көктеке аткан октой сызды да Чубак найза сунганда Жолой аңтарылып кетти, ошол кезде жоо бөрүсү эр Чубак найзасын оңдоп алганча, капырдан Ушаң жетип Чубакты көмөлөтө коюп кетти эле ал чылбырын белге байланды. Баатырынын бири кетти деп Ушаң мактанып турганда Алмамбет ага жетти да, найзасын матырып кетти. Анан Алмамбет караса буйдалып Чубак калыптыр, ага жетип барып, катыгүн Чубак неттиң деп, кайратың кайда кетти деп, камалап капыр жетти деп, алтын кемер бото курунан аткый кармап Акбалта уулу Чубакты Арстан Алмаң султаның ат үстүнө салды. Ошол кезде арстан Манас баатыр аларды көздөй бет койду. Атсыз калып сойлоп аткан Жолойго ары жактан Нескара ойноп кеткен Ачбуудан атын алып келип берди. Кытайдын баары ат койду, Алооке баштаган карысы бар, эр Коңурбай баштагын кандардын каны бар. Эр Коңур атына минген Жолойго жылкынын баарын тоскун деп буйрук берди эле жүрөгү түшкөн Жолой дөө: "Алдын тос деп жылкынын айтканың кандай, Коңурбай, арзан көрбө бурутту, азелден бери көрбөдүм, абжор мындай журтту, жылкы тосом деп, жеке жөнөп мен барсам, жеткен жерде курутту, алды артым аңдап карабай арбак мени уруптур, бирөө деп барсам, миң окшойт, баары күчтүү бил окшойт, жалгыз деп барсам, сан окшойт, байкап көрсөм баарысы жандан тойгон жан окшойт" деп жылкыга жакын жолобой коёт...
Манас баатыр, Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Алмамбет менен Чубактын Макел дөөнү жеңиши. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0