Улуттук банктын алтын корунун наркы 91 миллиард сомдон ашты

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Жазылуу
2021-жылдын май айында башкы банктын алтын запасынын наркы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомдон ашкан.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Апрель айында Улуттук банктын алтын корунун наркы 7 миллиард 124,4 миллион сомго өстү.
Улуттук банктын сайтындагы маалыматтар:
май айынын башына карата — 84 миллиард 503,6 миллион сом;
июнь айынын башында — 91 миллиард 628 миллион сом.
Төмөндөө эмне себептен болгонуна түшүндүрмө берилген эмес.
Алтындын дүйнөлүк баасы жана доллардын курсу кандай өзгөрдү?
1-майдан 1-июнга чейин Кыргызстанда доллардын расмий курсу 7 тыйынга өстү. Ушул убакытта Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги болжол менен 8 долларга төмөндөдү.

Алтын корунун баасы кандай өзгөрдү?

Азыркы көрсөткүч рекорддук эмес. 2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын запасынын наркы 99 миллиард сомдон ашып, сентябрда кайра 29 миллиард сомго төмөндөгөн.
Кийинчерээк аталган банк 2021-жылдын башында 20 тонна баалуу металл сатканын билдирген. Андан кийин запастын көлөмү өзгөрүлүп турду, бирок өсүш байкалган.
Сом купюраларын пачкалары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
КРде кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөдө салынчу айыпты алып салуу сунушталууда
Жаңылыктар түрмөгү
0