Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эми курулуш компаниялары уставдык капиталын белгилеп, үй курат. Жаңы жобо

© Sputnik / Асылбек БактыбековАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев курулуш компаниялары көп кабаттуу үй курууда тиешелүү уруксат кагаздарын алмайынча реестрге катталбай турганын айтты.
Эми курулуп жаткан объектилердин реестри түзүлүп, курулуш компаниясынын уставдык капиталы белгиленет. Учурда ишкерлер жер тилкесин сатып алганга чейин эле жарнамалап, батирлерди сатыкка коюп жатканын Максат Амираев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып эскертти.
Эми курулуш компаниялары уставдык капиталын белгилеп, үй курат. Жаңы жобо
Анын айтымында, жаңы жобо батирлердин баасын кымбаттатпайт.
"Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги көп кабаттуу үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин курууга катышуу жөнүндөгү жобонун долбоорун иштеп чыкты. Ал эми министрлер кабинети жобону бекитүү жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Буга чейин көп кабаттуу үй куруу боюнча эки жобо иштеп чыкканбыз. Бирок тиешелүү сын айтылып, рынок шартына туура келбей калган. Эми курулуп жаткан объектилердин реестри түзүлүп, курулуш компаниянын уставдык капиталы белгиленет. Азыркы тапта ишкерлер жер тилкесин сатып алганга чейин эле жарнамалап, батирлерди сатыкка коюп жатышат. Ал эми үй курууда тиешелүү уруксат кагаздарын алмайынча реестрге катталбайт. Жарандар реестрге катталган компаниялардын тизмесин карап, сатып ала берет. Анткени тизмеге кирген компаниянын бардык документи толукталып, ага мамлекет кепилдик берет. Мындай чечим батирлердин баасын кымбаттатпайт жана ачык иштебеген компанияларды рыноктон чыгарат", — деди Амираев.
Ошондой эле адис жобонун аткарылышы Жарандык кодекс аркылуу көзөмөлдөнөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0