Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн эң башкы туристтик багыт болуп калды

© Sputnik / Алексей ФилипповТашкент аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив
Ташкент аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
Беш айдын ичинде жалпысынан 1 миллион 600 миң өзбекстандык туристтик максатта чет өлкөлөргө чыкса, алардын ичинен 650,7 миңи Кыргызстанды тандаган.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн туристтик максатта барган мамлекеттердин тизмесинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Беш айдын ичинде 1 миллион 600 миң өзбекстандык туристтик максатта чет өлкөлөргө кеткен. Басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 650,7 миңи Кыргызстанга келген. Андан кийинки орундарда Тажикстан (422 миң адам) жана Казакстан (255,7 миң адам) турат.
Россияга — 65 миң 100, БАЭге — 59 миң, Түркияга 52,7 миң адам барган. Ошондой эле өзбекстандыктардын туристтик куржунунда Сауд Арабиясы, Кувейт, Египет жана Азербайжан бар.
Туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Туроператорлор: Кыргызстанда сервисти жакшыртуу үчүн турсезонду узартуу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0