Бишкек: бус жолтандабас менен кагышып, андан соң түркүктү кулатып кетти. Видео

© AP Photo / Rahmat GulЖол кырсыгына кабылган унаа. Иллюстративдүү сүрөт
Жол кырсыгына кабылган унаа. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаада Mercedes-Benz маршруткасы жолтандабас менен кагышкандан кийин жолдун четине күү менен келип, түркүктү кыйраткан.
Автокырсык эртең менен Лев Толстой көчөсүндө болгон. Кичи автобустун ичинде жүргүнчүлөрү бар экенин айтышты.
Кайгуул кызматынан бул көчө менен каттамга чыгуу каралбаганы белгиленип, айдоочу ишин баштоо үчүн аялдамалардын аягына келе жатканы боолголонду.
Жабыркагандар бар, бирок так саны азырынча белгисиз.
Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка көрнөк-жарнак тактасын коюп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка көрнөк-жарнак тактасына урунду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0