Бишкекте ыш менен күрөшүү үчүн экополиция түзүү каралып жатат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги ыш. Архив
Бишкектеги ыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
Ушу тапта абанын булганышын караган ведомстволор аралык комиссия иштөөдө.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкекте ыш менен күрөштүн майнаптуулугун арттыруу максатында экополиция түзүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Азырынча аталган структура боюнча башка маалымат жок.
Министрлик ордо калаа менен Чүй облусундагы ыш маселесин чечүү үчүн ыкчам чараларды көрүп жатканы айтылды. Министр Мелис Тургунбаев ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында көйгөй өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин, мындан улам азыр эң башкысы ыкчамдык жана иштин сапаты экени белгиледи.
© Фото / пресс-служба МПРЭиТН КРМинистр природных ресурсов, экологии и технического надзора Мелис Тургунбаев
Министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Мелис Тургунбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жыйын катышуучулары, мындан тышкары, жаңы конуштарды жана шаар четиндеги райондорду газга кошуу, ЖЭБдин 15 казанын газга өткөрүү, ден соолук борборлорунун, коомдук мончолордун жана жер тамдардын жылытылышын текшерүү сыяктуу маселелерди талкуулашкан.
Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Айдарбек Токонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Радио
Быйыл Бишкекке газ менен жүргөн 744 автобус жана электробус алып келинет
Жаңылыктар түрмөгү
0