Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Эң жаман сценарий ишке ашууда. Украинанын контрчабуулу эмнени көрсөттү?

© Sputnik / Медиабанкка өтүүТалкаланган Украиналык танк. Архив
Талкаланган Украиналык танк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Батыш маалымат каражаттары ийгиликсиз контрчабуул Киевге кымбатка түшөрүн эскертишет. НАТОдогу союздаштар каржылоону, курал менен жабдууну азайтып, Украина Куралдуу күчтөрү согуштук аракеттерди мурдагыдай уланта албай калат.
Украинаны эмнеге даярдап жатышканы туурасында серепчи Михаил Катков өзүнүн кезектеги макаласында кеп учугун чубап, аны РИА Новости жарыялады.

Пландары ишке ашкан жок

Киевдик режим контрчабуул жөнүндө былтыр күздөн бери айтып келген. Кышында дешти, андан соң жазды күтүштү. Бирок Украина Куралдуу күчтөрү жайдын алгачкы күндөрүндө гана чыгынышты. Эң көп дегенде Крымды басып алуу, эң куру дегенде жарым аралга кургак коридорду жоюуну көздөшкөн. Бирок сокку уруучу топтун фронттун линиясындагы "боз аймакты" жиреп өтүүдө да көйгөйү көп экен.
The Washington Post басылмасы Украина Куралдуу күчтөрү дароо бир нече багытта чабуул жасаарын маалымдаган. Салгылашка НАТО ыкмалары менен машыктырылган, батыш куралдары менен жабдылган аскердик бөлүктөрдү киргизген. Анткен менен кырдаал бүдөмүк. Америкалык журналисттер Киевдин көрүнүктүү жыйынтыкка жетишүүсүнө бир нече ай керектигин боолголошот. Британиялык Sky News телеканалы мина талаалары менен чабуулдун эки аптасынын анчейин ийгиликсиз жыйынтыктарын актоодо.
Ошол эле убакта россиялык армия жакшы коргонуп, тактикалык чектер ортосунда дурус маневр жасоодо. Бул чабуул койгондордун айласын кетирип, аларды чоң чыгымга батырууда.
Bild маалымат аянтчасынын аскерий баяндамачы Юлиан Репке Украина Куралдуу күчтөрү Донецк Эл Республикасында кыйла алдыга жылды, бирок Запорожье облусунда абал чатак экенин белгилейт.
Батыш талдоочуларынын пикиринде, бир апта аралыгында Орехов калаасында эле Киев кеминде жети Leopard 2, 12 Bradley пехота унаасын жоготконун болжошот. Ачыгы, 40 миң чакты жоокер дале резервде. Reuters агенттиги Украина Куралдуу күчтөрү коргонуунун негизги чегине жеткенде оор жоготууларга дуушар болуп, чабуулду уланта албай каларынан чочулайт. Ал эми россиялык коргонуунун тереңдиги — он-он беш чакырым. Киевге "ыкчам жана тактикалык күтүүсүздүк" фактору көмөкчү болмок, бирок ал да эми жок.
Storm Shadow ракетасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Украина Крымга Storm Shadow ракеталары менен сокку урууну пландап жатат

Батыш жардамдашпайт

Анткен менен Чехия президенти, армиянын отставкадагы генералы Петр Павелдин үмүтү чоң. Анын баамында Украина али олуттуу эч нерсе жасай элек, азыркы согуштук аракеттер болгону — камылга баскычы. Ошондой эле ал 10-12-июлда НАТОнун Вильнюста өтө турган саммитинде Киевге кезегинде Израиль камсыз болгон коопсуздук кепилдиктери берилерин боолголойт. Демек, курал менен жабдылып, аскер технологияларына жол ачылат.
Европа биримдигинин аскердик штабынын жетекчиси Эрве Блежан, НАТО Украинага күчтөрүн киргизүүгө ниеттенбегенин, анткени жаңжалдашкан тарап эмес, андай болууну да каалабайт. Ошондой эле франциялык LCI телеканалына берген маегинде ал Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун кандай натыйжасына карабастан согуш уланарын айткан. "Алар бардык территориясын кайтара албайт", — деп белгилеген Блежан.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг азыр Украина Куралдуу күчтөрүнүн операциясы тагдыр чечерлик учур болорун болжоого эртелик кыларын, бирок Киев улам ары жылуу менен сүйлөшүү позициялары күчтүү болорун айтат. Анткен менен альянс алигүнчө курал менен жабдуу жаатында бир чечимге келе элек. Politico басылмасы муну Кошмо Штаттарда президенттик шайлоонун жакындашуусуна байланыштырат. Контрчабуулдун биринчи жыйынтыктарына Вашингтондогулардын ичи чыккан жок. Киевдик бийлик жаңжалдын ушул фазасы бүткөндөн кийин гана кезектеги жабдуудан сөз башталарына нааразы. "Украинанын эки партиялык колдоосуна доо кетүүдө", — деп мүнөздөйт The Washington Post басылмасы.

"Биз али баштай элекпиз"

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный АКШнын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин башчысы Марк Милли менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө "коргоо жана чабуулдук мүнөздөгү" катуу кармашуулар тууралуу маалымдады. Ошону менен бирге эле аба чабуулдарынан коргонуу тутумун бекемдөөнү өтүндү.
Украина президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк: "Биз контрчабуулду баштай элекпиз, ал эми Россия эмитен эле жеңдик деп айтууда", — деди. Анын айтымында, ушул тапта Украина Куралдуу күчтөрү бир нече тапшырманы аткарып, россиялык жоокер жана техниканы мүмкүн болушунча көбүрөөк жок кылып, көп сандагы аскердик бөлүктөр менен душманды чочулатып, бир топ багытта алдыга жылууга умтулууда.
Анткен менен Киевдегилердин көпчүлүгү да анын айтканына кошула беришпейт. Бул батыштык өнөктөштөрү күткөн контрчабуул эмес экенин белгилейт саясат таануучу Константин Бондаренко. Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде ал украиналыктарга жеңишке эмес, кыргынга камынууга туура келерин айткан.
"Саясий жана аскердик жетекчилигинен көңүл калуулар, алардын дарегине сындар толтура болот. Ошол эле учурда айрым айың кептерге караганда, президент Владимир Зеленский менен азыркы операцияны колдобогон Залужныйдын ортосундагы чыңалуу ачык байкалып барат. Дал ушул себептен алдыңкы планга мында Кургактагы күчтөрдүн командачысы Александр Сырский чыкты", — деп түшүндүрөт Бондаренко.
Украиналык саясат таануучу Руслан Бортник Киев Крымга кетчү кургак коридордун бир бөлүгүн көзөмөлгө алса гана кандайдыр бир ийгиликтен кеп салууга болорун айтат. Бул операция кандай аяктаган күндө да андан соң былтыр Түркияда тоңдурулган сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданышын күтүүгө болот.
"Балким, Москва менен Киев элдешүүгө ыктап жаткан чыгар. Акыры Украина стратегиялык максатына жетти, көз карандысыздыгын сактап калды. Бирок согуштук аракеттер улана турган болсо, бул маселе кайрадан актуалдуу болмокчу", — дейт ал.
Россия өкмөтүнүн Каржы университетинин эксперти Денис Денисов да сүйлөшүүлөр кайра башталарын боолголойт.
"Эгер Украина контрчабуулдан майнап чыгара албаса, анын союздаштары бир жарым жылдан берки көрсөтүлүп жаткан аскердик жардам талаага кеткенин айтары бышык. Мындан ары да миллиарддаган доллар бөлүнөр, бирок дивиденддер болбойт. Россиялык жана украиналык аскерий кабарчылардын, ошондой эле Батыш маалымат булактарындагы кабарларга таянсак, колдоо көлөмү азаяры айдан ачык", — дейт ал.
Салгылашта Россияны жеңүүгө кудуретинин жоктугу киевдик бийликти сүйлөшүүлөргө – тынчтыкка же жарашууга кайтарарын жоромолдойт Денисов. Украинанын андан башка аргасы калбайт.
Украиналык аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина ТИМи канча берилсе да курал-жарак баары бир жетишсиз болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0