Бишкекте кайсы көчөлөр тротуарлуу болот. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекТротуар куруу иштери
Тротуар куруу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте көчөлөрдүн сегиз тилкесинде тротуардык капиталдык курулуш иштери уланууда. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Борбор калаада 14 чакырым тротуар салынмакчы.
Учурда төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде иштер уланууда:
Чүй проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
Чүй проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
Горький көчөсү Кара-Суу көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин (түндүк тарабы);
Фучик көчөсү "Газпром-Кыргызстан" компаниясынын кеңсесинен Рыскулов көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;
Сухэ батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
Юнусалиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин.
Садырбаев көчөсүн бойлой Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин чыгыш тараптан 2 800 метр тротуар орнотулган веложол салынууда. Жакында Шабдан баатыр көчөсүнүн эки тарабында Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин тротуар жабдылмакчы.
Мэрия объектилерде иш график боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жаткандыктан, шаардыктарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Бишкек троллейбус башкармалыгынын башчысы Талант Капаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Радио
Бишкектин борборунда "жашыл коридор" түзүлөт. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0