Өсүмдүктөрдүн эпидемиясына көңүл бурулбай жатат. Айдап-себүүдөгү сабатсыздык

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүБуудай жыйноо иштери. Архив
Буудай жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
Органикалык азык алуу маселеси ден соолук үчүн маанилүү. Ошол эле учурда калктын жер пайдалануудагы сабатсыздыгы айдоо жерлерин деградацияга учуратты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Экологиялык азыктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, агроном Турусбек Асаналиев болду.
— Орун которуштуруп себүү эмнеси менен маанилүү?
— Бир эле өсүмдүктү улам өстүрө бергенде оору, курттар пайда болот. Ошондуктан ордун алмаштырып айдайбыз. Эгер маш, буурчак, беде, эспарцет өстүрсөк, топурактын асылдуулугун көтөрүп берет. Анткени алар азот топтойт. Эгемендик алгандан бери агрономдор жетишсиз болуп калды, мындан улам кеңеши жок эле дыйканчылык кылып жатышат. Катачылыктар көп. Чөптү чаап алгандан кийин эле жерди эс алдырдык деп ойлошот. Тескерисинче, чөп топурактагы калий, фосфор элементтерин кошо алып кетет. Биринчи жылы жерге дыйкандар жер семирткич сеппей эле буудай, арпа сыяктуу дан эгиндерин айдашат. Алгач жакшы түшүм алышат. Ал эми экинчи жылы кошумча азык алуу үчүн топурактын анализин чыгаруу керек. Акыркы убакта топурактагы фосфор, калий элементи абдан төмөн болуп кетти. Себеби 30 жылдан бери жерге фосфор жер семирткичтерин бербей эле айдап жатабыз. Түштүктө жер деградацияга учурап, топурактын күрдүүлүгүн көрсөтүүчү гумус органикалык заты жок болуп кетти. Жердин үстүңкү катмары (30 сантиметри) күрдүү бөлүк болуп эсептелет. Чөп калдыктарын, тамырларын, кыкка аралаштырып чиритип гумус даярдайбыз. Гумус канчалык көп болсо, топурактын өңү да кара болот. Жер катмарында бир пайыз гумус пайда болуш үчүн 100 жыл сарпталат. Биз 30 жыл ичинде 300 жылдык гумустук горизонтту жоготуп алдык. Минералдык жер семирткичтер эч качан гумустук горизонтту көтөрбөйт. Алар болгону өсүмдүк эмнеге муктаж болсо ошону гана топурак аркылуу берет. Союз маалында орун которуп айдоо шарт болгон. Мындай ыкма өсүмдүктүктөрдү оорудан, зыянкечтерден сактап, түшүмдүүлүктү жогорулатат. Илимий жактан негиздүү. Талаа иштетүүдө да биригип, ири көлөмдүү продукция алууга аракет жасоо керек. Азыр замандын талабына ылайык эбин таап, ирилештирген чарбаларды жүргүзүү зарыл. Жер-жерлерде агроном жоктугунан өтө начар түшүм алуудабыз. Айрыкча жашылчадан. Анткени өтө көп зыянкечтер пайда болду. Аларга каршы жума сайын химиялык заттар чачылат. Негизи булар жемиш бышканга бир ай калганда чачылып, андан кийин токтотулушу керек. Азыр талааларга барсаң бадыраңга, помидорго, капусталарга дары себишет. Тилекке каршы, дары чачкан күнү эле жемиштерди сатыкка чыгаргандар бар. Зыянкечтерди текшерип, андан арылуу үчүн лабораториялар да салынган эмес. Ушунун айынан оору да көбөйдү. Экологиялык азыктар таза болушу керек дегенибиз менен аны мамлекет көзөмөлдөй албай жатат. Органикалык өндүрүштү чыгаруу боюнча 2014-жылдан бери мыйзам да чыкты. Бирок бул саясатты дыйкандар да түшүнбөй, Айыл чарба министрлиги да жолго коё албай келет.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкологиялык азыктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, агроном Турусбек Асаналиев
Президент Ассоциации производителей экологических продуктов питания Турусбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Экологиялык азыктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, агроном Турусбек Асаналиев
Көп жылдан бери төө буурчак өстүрүп жатабыз. Анын да оорулары көбөйдү. Түшүмү азайып кетти. Бул азык азотту топтогону менен бир эле жерге өндүрө берип, отоо чөптөргө каршы химиялык дарыларга жерди толтурдук. Буурчактын түбүндө азот топтоочу бактериялар бар. Топурактагы фосфорду өсүмдүккө сиңдире турган бактериялар да иштебей калды. Жерге химиялык заттарды, азыктарды, дарыларды ар ким ар кандай сээп жатат. Системалуу иштей турган бир иш жок.
— Кайсы өсүмдүктөн кийин кайсынысын айдоо керек?
— Ооба, мунун да эрежеси бар. Азыр көп жылдык чөптөрдү 6-7 жыл бир жерде айдап жатат. Негизи аны үч же төрт жыл гана кармап, андан кийин кылкандуу дан эгиндерин сепсек болот. Ошондон кийин картошка, жашылча эгип, андан соң чанактуу фасоль айдалат. Анан кайрадан көп жылдык чөп себилет. Себеби төө буурчак эккенде отоо чөптөргө каршы дары чачылат. Ал отоо чөптөр топуракка 2-3 жыл зыянын тийгизет, дароо жүгөрү же буудай сепсек өсүмдүктү өлтүрөт. Ошондуктан төө буурчактан кийин бул өсүмдүктөрдү айдоо сунушталбайт.
Дан эгиндерин себерде топуракты лабораторияда текшерип, жетишпеген минералдык азыктарды берип 3-4 жыл эгин айдаса болот. Мисалы, картошкадан кийин помидор айдаганга болбойт. Тактап айтканда, бул экөө бир тууган өсүмдүктөр, оорусу да, чөбү да бирдей. Көп жылдык чөптөр органиканы топтоп берет. Ал эми күн карама, зыгыр жана жүгөрү топурактын азыгын соруп кетет. Ошол себептен аны да пландашыбыз керек. Негизинен жерге кайсы азык жетишпегенин жыл сайын лабораториядан тактап алганыбыз оң. Агротехника жагынан да аксап турабыз. Ушул маселелердин баарын карап, бүгүн комплекстүү өнүктүрбөсөк болбойт.
— Биз 30 жылда жок кылып койгон гумусту акырындап калыбына келтирсе болобу?
— Топурактын курамын жакшыртууда органика деген маселеге келип токтолобуз. Кыргызстанга гени модификацияланган азыктар кирбеши керек. Экинчиден, химиялык заттарды колдонууну азайтуу шарт. Үчүнчүдөн, минералдык жер семирткичтерден азотту аз пайдалануу зарыл. Илим бир жерде турган жок, өнүгүп жатат. Бирок айыл чарба, дыйканчылык багытында иш жүргүзүп жаткан илимий институтубуз бүгүнкү күндө иштебей жатат. Кайсы аймакта, кайсы өсүмдүккө кандай агротехниканы колдонуу керектиги тууралуу сунуш бериши керек эле. Анткени ар бир өсүмдүк ар кандай зонада түшүм берет. Жер айдоонун да эрежелери бар. Жадагалса эгин сепкен трактордун жабдуусу да сапаттуу болушу керек. Бүгүн айыл чарба шаймандарынын баары эскирди.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкологиялык азыктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, агроном Турусбек Асаналиев
Президент Ассоциации производителей экологических продуктов питания Турусбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Экологиялык азыктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, агроном Турусбек Асаналиев
Анан да жаңы кыкты топуракка дароо сепкен болбойт. Себеби уулуу зат өтө көп. Мындан тышкары, чүчөк курттар, ар кандай малга сайылган антибиотиктердин баары топуракка сиңет. Ошондон улам оору жугуза турган бактериялар көбөйүп баштайт. Алгач кыкка өсүмдүктүн калдыктарын, тамырын аралаштырып, жылуу суудан ортосуна куюп туруп жаап койсок 70-80 градуска чейин ысыйт. Мындай градуста патогендүү микрофлоранын баары өлөт. Андан тышкары, азыр биогумус да жасап жатышат. Андагы курттар көптөгөн отоо чөптөрдү жеп коёт. Аны да эрежеси менен жасабаса зыянкечтер калып калат. Биогумус аркылуу топурактын күрдүүлүгүн кыска мөөнөттө көтөрө алабыз. Органика жагы менен кете турган болсок, топурак куртка да, отоо чөптөргө да каршы тура алчудай деңгээлге жетет. Жерди туура система менен иштетсек химиялык элементтерди колдонбой калабыз.
— Азыр огородго же үч-төрт сотых жерге ар кандай жемиштердин түрүн айдоо же пермакультура деген түшүнүк келип жатат. Мындай учурда орун которуштуруп айдоонун мааниси барбы?
— Жакын отургузганда бири-бирин жактырбаган өсүмдүктөр бар. Таасир этет. Мисалы, помидор менен калемпирди жанаша өстүргөндө экөө аргындашып, помидордун даамы өзгөрө баштайт. Ал эми картошканын жанына чеснок айдаса колорадо курту жытынан качып келбей да калат дешет. Эрежени сактоо керек. Өсүмдүктөрдүн да эпидемиясы болот. Буга такыр көңүл бурулбай калды. Мындан 2-3 жыл мурун эле бактериялык күйүк деген оору чыгып, алмуруттарды талкалады. Эми ал алмаларга өттү. Оорулар экономикага абдан зыян келтирет. Азыр сары чырмоок да Кыргызстандын аймагында күч алып, көп жылдык чөптөрдү талкалап жатат. Мал арасында күйдүргү өңдүү оору чыкканда мал доктурлар ошол аймакты курчоого алып басып жатышат. Өсүмдүктөр деле ошондой ооруйт. Бирок бизде буга көңүл бурулбайт. Алар тоют даярдоочу базаны да талкалап жатат. Жалпысынан илим жагын да караш керек.
Соң-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Соң-Көлдө бетеге азайып, уулуу чөптөр көбөйүүдө. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0