Милиция велосипедчилерге өтүнүч менен кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВелосипедчилер. Архив
Велосипедчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык велосипед мингендерди жолдо жүрүүнүн эрежесин сактоого чакырды.
Ведомстводон жайында көптөр велосипедчен жүрүүгө басым жасаганын, алардын ичинде балдар бар экенин белгилеген.
"Алар көп учурда жолдо жүрүүнүн эрежелерин сакташпайт. Ата-энелер балдарда мектепке чейинки курактан баштап эле жолдо коопсуз жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүшү керек", — деген башкармалыктан.
ЖКККББ төмөнкү эрежелерди сактоого чакырды:
велосипеддин рулун жалгыз эмес, дайыма эки кол менен кармап жүрүү зарыл;
кошумча орундарга зарылдыгы болбосо балдарды отургузбаш керек;
кошумча жүктү ташып жүргөнгө болбойт;
жөө кишилер өткөн чийинден авариялык абалды жаратпаш үчүн велосипедден түшүп өтүү зарыл;
күүгүм киргенде же караңгыда жарык берүүчү приборлорду тагып жүрүү шарт.
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Кылтакка илинип калбагыла. Өлкөдө рулда отургандар боюнча рейд башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0