Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунда сүйлөдү. Урунттуу учурлары

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Россиянын лидери аталган форумдун пленардык жыйынына катышты. Ага америкалык саясат таануучу Дмитрий Саймс модераторлук кылды.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин бүгүн Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты. Анда өлкө башчысы бир катар маселелерге токтолду.
Россия лидеринин форумда айткандарынын маанилүү учурлары:
жыл жыйынтыгында ИДПнын өсүшү 2 пайыз болушу мүмкүн, жумушсуздук өтө төмөн деңгээлде;
Россия чет элдик компаниялар менен атаандаштыктан коркпойт, бирок алар кайтып келгенде иш жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынат;
биз Батыштын басымына баш ийбеген өлкөлөр менен эле курчалып калган жокпуз, товар жүгүртүү эселеп өстү;
2030-жылга карата эмгек маянанын минималдык көлөмү эки эсеге, 2024-жылдын 1-январынан баштап 18,5 пайызга өсүшү керек;
чет өлкөлөрдөгү россиялык эсептердин жабылышы – тоноочулук жана орто кылымдагыдай көрүнүш;
2030-жылга чейин инвестициянын келиши беш эсеге – 10 трлн. рублге чейин көбөйүшү керек;
АКШнын экономикасы укмуштуу, бирок ал америкалык калктын эмгеги, бүгүнкү жетекчилери алардын ишенимине кыянаттык кылып жатат;
Батышка Украинадагы каатчылык ыңгайлуу, бул экономикага акчаны сарптап жатып инфляциянын кескин өсүшүнө жеткирип жиберген каталарын жашырууга жакшы шылтоо;
чектөөлөр Россиянын өнүгүшүнө тоскоол боло албайт, жасалма түрдө чектөө киргизгендер биринчи кезекте мындан өздөрү жабыр тартышат.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Путин: биз бекеринен макроэкономикалык туруктуулукка умтулган жокпуз
Жаңылыктар түрмөгү
0