Ким донор боло албайт? Кан тапшыруу алдында сакталчу эрежелер

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАдам кан тапшыруу учурунда. Архив
Адам кан тапшыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
ВИЧ, сифилис, вирустук гепатит, кургак учук, кан оорулары, онкологиялык илдеттер, бруцеллёз, эхинококкоз, альвеококкоз, жүрөк, бронхит оорулары барларга кан тапшырууга катуу тыюу салынат.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору кан тапшыруудагы эрежелерди эскертти.
Борбордун маалыматына ылайык, төмөнкүдөй жагдайларда кан берүүгө болбойт:
Суук өткөндө, сасык тумоо болгондо, ангина, учук оорулары болсо, ашказан ооруларында же дагы башка инфекциялык ооруларда;
Татуировка же пирсинг жасаткандан алты ай өтмөйүнчө;
Тиш дарыгерине барып, анда чакан процедуралар болсо 24 саатка чейин кан тапшырууга болбойт, ал эми ири процедура өткөн болсо бир айга чейин кан тапшырбай турган оң;
Гемоглобиндин көрсөткүчтөрү кан тапшыруу үчүн белгиленген минимумдан аз болсо;
Бала эмизип жаткан аялдарга кан тапшыруу сунушталбайт;
ВИЧ, сифилис, вирустук гепатит, кургак учук, кан оорулары, онкологиялык илдеттер, бруцеллёз, эхинококкоз, альвеококкоз, жүрөк, бронхит оорулары барларга кан тапшырууга катуу тыюу салынат.
Кан тапшырууга кантип даярдануу керек?
Кан берүүдөн 48 саат мурда алкоголь ичпеш керек;
Процедурага чейин 72 саат бою курамында аспирин жана анальгетиктер бар дарыларды ичкенге болбойт;
Кан бергенге чейин 24 саат ичинде майлуу, ачуу, ышталган, сүт азыктарын жана жумуртканы жегенге, кофе ичкенге тыюу салынат;
Ал күнү эртең менен жеңил тамактанып, кан алар алдында таттуу чай ичүү кажет;
Кан тапшырар алдында бир саат мурун чылым чегүүгө болбойт.
Ким донор боло алат, ал эми кимдерге сунушталбайт, кан берүү үчүн дагы кандай эрежелерди сактоо керек? Бул суроолорго 0(312) 541913 номери аркылуу жооп алууга болот.
Малдын боорунан жасалган тамак. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Гемоглобинди көтөрө турган беш азыктын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0