Бишкектин Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүДобуш берип жаткан жаран. Архив
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. БШК Бишкектеги Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.
Мындай чечим БШКнын жумушчу тобунун сунушу менен комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Эске салсак, 28-майда ЖК депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиев алдыга озуп чыккан. Бирок ал добуш сатып алууга айыпталгандыктан жеңиши жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Буга Сариевдин үгүт маалында шайлоо фондунан сырткары башка булактардан 25 миң сом колдонгону себеп болгон.
Бул округ боюнча кайра шайлоо азырынча расмий түрдө жарыялана элек.
Пара алуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Ленин округундагы шайлоо чатагы: добуш сатып алуу боюнча иш козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0