Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Пушилин: Украина күчтөрү Артемовск коргонуусун жарып өтүүгө аракеттенүүдө

© Sputnik / Медиабанкка өтүүУкраинанын Куралдуу күчтөрүнүн Артемовск багытында талкаланган аскердик техникасы
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Артемовск багытында талкаланган аскердик техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Артемовск толугу менен атайын операциядан кийин 220 күн өткөн соң, 21-майга караган түнү бошотулган.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Украинанын аскер күчтөрү Артемовск коргонуусун жарып өтүүгө жана россиялык бөлүктөрдүн чабуулуна жол бербөөгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу Донецк элдик республикасынын башчысынын милдетин аткарган Денис Пушилин РИА Новостиге билдирди.
"Каршы тарап биздин коргонуубузду жарып өтүүгө жана чабуул жасатпоого катуу далалат кылып жатат. Бирок биздин даярдыгыбыз жакшы, ал жактагы бөлүктөр арасындагы байланыш жолго коюлган", — деди Пушилин.
Анын айтымында, Россиянын Куралдуу күчтөрү коргонууну жарып өтүүгө жол бербей, Артемовскинин аткыланышын болушунча азайтууга бардык чараларды көрүп жатат. Ал аталган аймакты бошотуу процессинде украин топтору камсыздалып жаткан негизги жолдор буулганын, бирок азыркы аба ырайы курал-жаракты талаалар аркылуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаратканын белгиледи.
Пушилин анткен менен абал турукташып келе жатканын, россиялык аскер адамдары кырдаалга толугу менен көзөмөл жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, РФ Коргоо министрлиги Артемовск толугу менен атайын операциядан кийин 220 күн өткөн соң, 21-майга караган түнү бошотулганын жар салган. Президент Владимир Путин "Вагнер" тобу менен жалпы Куралдуу күчтөрдү куттуктаган.
M777 гаубицасынан ок атып жаткан украин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык техника жапырт кыйроодо. АКШ мифологиясы суу кечпей барат...
Жаңылыктар түрмөгү
0