Россиялык борбор Кыргызстанга 370 млн. долларлык экспортту колдоп берген

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
2022-жылдан тарта Россия менен Кыргызстан өнөр жайды локализациялоо жана жаңылоо боюнча бир нече биргелешкен долбоорду баштаган.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россиянын экспорттук борбору (РЭБ) 2022-жылдан тарта Кыргызстанга 370 миллион долларга товар экспортун колдоп берген. Бул тууралуу ушу тапта Санкт-Петербуг шаарында өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда РЭБдин чет элдик түйүндөрдү өнүктүрүү боюнча директору Дмитрий Прохоренко билдирди.
Ал "Россия жана Кыргызстан: экономикалык өнөктөштүктүн кеңейиши" деп аталган сессияда сүйлөгөн.
"Биргелешкен долбоорлордун болуп көрбөгөндөй көбөйүшү РФ менен КР бизнесинин кызматташууга дилгирлигин айгинелейт. Кыргызстанга 370 миллион долларлык экспорт РЭБ тобунун чечими менен багытталган", — деди Прохоренко.
2022-жылдан тарта Россия менен Кыргызстан өнөр жайды локализациялоо жана жаңылоо боюнча бир нече биргелешкен долбоорду баштаган. Анын ичинде РЭБ тобунун камсыздандыруучу жана финансылык инструменттеринин колдоосу менен ишке ашкандары да бар. Республиканын аймагында Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен чогуу каржыланып түзүлгөн бир катар долбоорлор иштеп келет. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн россиялык компаниялар Кыргызстандын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу менен өздөрүнүн өнөр жайынын ишин ыңгайлаштырган.
2022-жылы Бишкекте өткөн регионалдык форумда РЭБ тарабынан Кыргызстандын президентинин алдындагы Инвестиция боюнча улуттук агенттик жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы менен өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашуу түзүлгөн. Логистика жана электрондук сооданы өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери иштелип чыгууда. Мындай аракет региондор аралык кызматташуунун өнүгүшү үчүн жакшы импульс болуп берген. Прохоренконун айтымында, быйыл республика үчүн 10 регионалдык бизнес-миссия пландаштырылууда.
Россиянын экспорттук борбору "Росконгресс" фонду менен биргеликте "Россияда жасалган" программасын ишке ашырууда, ага "Россияда жасалган" ыктыярдуу сертификация системасы кирип, улуттук Made in Russia брендин колдоо каралган.
Петербург эл аралык экономикалык форуму бүгүн башталып, 17-июнда соңуна чыгат.
Газпромбанк вывескасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
"Газпромбанк" КР жана РФ компанияларына 500 млн. долларлык насыялык линия ачты
Жаңылыктар түрмөгү
0