Сот Сокулукта 2 жашар бөбөктү сабаган кишини абактан бошотту

© AFP / JEAN-FRANCOIS MONIERАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
Бүгүн, 13-июнда, Жогорку Сот мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, түшүндүрмө берди.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Сот Сокулукта эки жашар бөбөктү сабаган кишини абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган соттон билдирди.
Эске салсак, 2022-жылдын 3-февралында Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган. Милиция кылмышка шектүү катары Сокулук районунун Александр Самаркин аттуу 35 жаштагы тургунун кармаган (баланын ата-энеси анын малын карап иштечү). Кийин райондук сот аны беш жылга кесип, облустук сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Бирок бүгүн, 13-июнда, Жогорку Сот мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
"Коллегия иштин жагдайын жана соттолуучунун жеке сапаттарын эске алуу менен ал коомчулуктан оолактатылбай эле оңоло алат деген бүтүмгө келди", — деп айтылат маалыматта.
Самаркин сот залынан бошотулду. Ал эки жыл пробациялык көзөмөлдө болот.
Жаш бала. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Милиция Ноокатта кафеде жети жаштагы баланы урган кишини кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0