Кара-Сууда аялды сүзүп, из суутуп кетти делген айдоочу кармалды

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиОштун Кара-Суу районундагы Алим-Төбө айылында аялды сүзүп кеткен унаа
Оштун Кара-Суу районундагы Алим-Төбө айылында аялды сүзүп кеткен унаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
Кырсык мындан эки күн мурун болгон.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Алим-Төбө айылында аял кишинин өлүмүнө тиешеси бар делип Кадамжай районунун 30 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, ал маркумду унаа менен сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси ("Коркунучта калтыруу") менен кылмыш иши козголгону айтылды.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиСмертельный автонаезд на женщину в Кара-Суйском районе
Смертельный автонаезд на женщину в Кара-Суйском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Талаа аркылуу агып өткөн арыктын четинде жашы 50-55 чамасындагы азиат тектүү аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 10-июнь күнү эртең менен түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери маркумдун Кара-Суу районунун 66 жаштагы тургуну экенин аныкташкан.
"Сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде жаракаты бар экени байкалган. Тийиштүү экспертизалар жасалды. Шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа айып короого токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Сузакта чайхана өрттөнүп, эки киши каза болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Сузакта чайхана өрттөнүп, эки киши каза болду. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0