КРде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо иштелип чыкты. Урунттуу учурлары

© Sputnik / Алексей ФилипповКуруучулар иш учурунда. Архив
Куруучулар иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
Курулуш агенттигинин маалыматына караганда, көйгөйдү жою боюнча үч вариант сунушталган.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги көп кабаттуу үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин курууга катышуу жөнүндөгү жобонун долбоорун иштеп чыкты. Ал эми министрлер кабинети жобону бекитүү жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Андагы негиздеме-маалым катында соңку жылдары жеке жана юридикалык жактардан каражат тартуу менен үйлөр арбын курулуп жатканы белгиленген. Мунун жакшы жагы — батирдин болочок ээси дароо эле толук сумманы таап берүүгө милдеттүү эмес. Бирок терс жактары дагы бар. Мисалы, объекти убагында курулуп бүтпөй калышы мүмкүн. Ошондой эле келишимде өз мөөнөтүндө үй курулуп бүтпөй, сапаты начар болуп же алдап кетүүдө курулуш компаниясынын жоопкерчилиги каралган эмес.
Курулуш агенттигинин маалыматына караганда, көйгөйдү жоюу боюнча үч вариант сунушталган.
Биринчиси — баарын мурдагыдай эле кылып калтыруу. Мында кардарлар менен куруучулардын мамилеси КРдин жарандык кодекси менен керектөөчүлөрдүн укугун коргоо мыйзамы менен көзөмөлдөнөт. Бирок көйгөйлөр көбөйүп кеткенине байланыштуу бул жол менен кеткен туура болбой калат.
Экинчиси — кардарлардын каражаты мамлекеттик банктардагы эскроу-эсептерде топтолот. Куруучу компания ал акчаны үй салынып бүтүп, ээсине ачкычын тапшыргандан кийин ала алат. Бирок мында курулуш компаниялары үчүн коркунуч бар. Алар үйдү кредитке жана жеке каражатына курушу керек болот. Бул кыйла оор (дүйнөдөгү абал, материалдардын кымбатташы) жол.
Буга байланыштуу жободо үчүнчү вариант сунушталган. Ал көйгөйдүн оптималдуу чечими катары сыпатталган.
Анда төмөнкү талаптар камтылган: курулуп жаткан объектилердин реестрин (бат-баттан жаңыланып турат) түзүү, объектини реестрге каттабай туруп жарнамалоого жана кардарлардан каражат тартууга тыюу салынат. Бул чара жеке жана юридикалык жактарды кеңири маалымат менен камсыздоого багытталган. Алар ошого карап объектинин курулушуна катышуу же катышпоо чечимин чыгарат.
Жобонун долбоорунда абдан көп пунктулар камтылган. Төмөндө маанилүүлөрүн келтиребиз.
Реестрде төмөнкү маалыматтар болушу керек:
Курулуш объектиси тууралуу маалымат;
Куруучу тууралуу маалымат, уюмдун каттоосу жөнүндөгү күбөлүгү жана уставы, курулуш ишин жүргүзүү үчүн берилген лицензия, мамлекеттик экспертизанын оң натыйжасы;
Курулуш ишинин графиги, эксплуатацияга берүү мөөнөтү;
Курулуштун көйгөйлүү объектилери тууралуу маалымат.
Курулуш объектиси төмөнкү учурда көйгөйлүү деп табылат:
курулуш жана шаар куруу нормаларын жана эрежелерин одоно бузууда;
курулуштун этаптарын үч айга чейин үзгүлтүксүз негизсиз кечиктирүүдө;
курулуш объектилерин ишке киргизүүнү алты айдан ашык мөөнөткө негизсиз кечиктирүүдө;
куруучу тарабынан курулуш объектисин бүтүрүү же аны банкрот деп жарыялоо боюнча милдеттенме бузулганда.
Ошол эле учурда бул үлүштүк курулуш объектинин курулушун аяктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамга ылайык тышкы башкарууну киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат.
Келишимдер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынып, бир катар шарттар камтылышы керек. Алардын кээ бирлери төмөндө келтирилди:
Милдеттемелерди келишим боюнча убагында аткаруу;
Объектинин баасы;
Объектинин эксплуатацияга берүү боюнча кепилдик мөөнөтү;
Курулуш объектисин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тартиби;
Милдеттемелер аткарылбай калган учурда же келишимде көрсөтүлгөн мезгил аралыгында келишимди жокко чыгарууда (тараптардын бири) кардардын каражатын кайтарып берүү тартиби.
Тараптардын чечими менен КРдин нормативдик-укуктук актыларынын негизинде кошумча башка дагы шарттар киргизилиши мүмкүн.
Президент сынга алган Тамчыдагы аялдамалардын ордуна жаңысы курулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Президент сынга алган Тамчыдагы аялдамалардын ордуна жаңысы курулду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0