Бишкекте эркек кишини уурдаган шектүүлөр кармалды

© Фото / УВД Первомайского района г.БишкекБишкекте эркек кишини уурдаган шектүүлөр кармалды
Бишкекте эркек кишини уурдаган шектүүлөр кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Панфилов көчөсүнөн эркек кишини уурдап кетишкен.
Окуя 9-июнда кечки саат 21:00до болгон. Биринчи май райондук милициясы шектүүлөрдү көп убакыт өткөрбөй эле Ысык-Ата районунун аймагынан кармашкан. Алардын экөө 24, дагы экөө 23 жашта экени анык болду.
Кылмыш кодексинин 165-беренесинин ("Адам уурдоо") негизинде иш козголгон.
Милиция ал кишини берки төртөөнүн уурдап кеткен себеби азырынча белгисиз экенин айтты.
Бирөөнүн аялын уурдады деп шектелген 22 жаштагы жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Бирөөнүн аялын уурдады деп шектелген 22 жаштагы жаран кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0